Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга алып келеби?

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу, ушул Мыйзамдын 23-беренесинде белгиленген негиздерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга алып келбейт.