Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн канча убакыттан кийин кайрылса болот?
Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу өтүнүчү менен үч жылдан кийин кайрылууга укуктуу. (КР “КР жарандыгы жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту).