Открытое акционерное общество «Кыргыз почтасы»

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 203 токтому менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы 100% акциясы мамлекеттик менчикте болгон “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому болуп түзулгөн.

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасындагы почта тармагынын мамлекеттик оператору жана өз ишмердүүлүгүн калкка социалдык маанилүү почталык-финансылык кызмат көрсөтүү менен толугу менен өзүн-өзү (чарбалык эсеп) каржылаган стратегиялык объект болуп саналат.

Мындан тышкары “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому 1993-жылдан бери Дүйнөлүк почта уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуп саналат жана Дүйнөлүк почта уюмуна мүчө болгон 192 өлкө менен эл аралык почта жөнөтмөлөрүн алмашууну ишке ашырат, ошондой эле анын органдарынын ишине активдүү катышып келет. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому почта байланышынын бөлүмдөрүнүн кеңири тармагына ээ, республика боюнча 916 объект, анын ичинде 872 почта байланышынын бөлүмдөрү, алардын 70% Кыргыз Республикасынын айыл жана жетүүгө кыйын болгон алыскы бийик тоолуу жерлеринде жайгашкан.

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы №614 токтому менен “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун акционери болуп мамлекеттик менчиктеги 100% акциясын сактоо менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри дайындалган.

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому салттуу почта кызматтарынан сырткары пенсия жана жөлөк пул төлөө, салыктар боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айып пулдарын кабыл алуу, ички жана эл аралык акча которуулар, коммуналдык төлөмдөр, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр болгон калкты каттоо жана документтештирүү, транспорт жана кыймылсыз мүлктү каттоо жаатындагы финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин көрсөтөт.

Черикчиев Марат Жолдошбекович
Черикчиев Марат Жолдошбекович
Башкы директору

«Кыргыз почтасы» ААК ички жана эл аралык почтаны кабыл алуу, кайра иштетүү, жөнөтүү, жеткирүү/берүү, пенсияларды жана пособиелерди жеткирүү/берүү, гезит/журналдарга жазылуу жана аларды чекене сатуу, маркаларды, открыткаларды, конверттерди, почталык төлөм белгилери, электрондук акча которууларды кабыл алуу жана төлөө, ошондой эле авиа, поезд жана автобус билеттерин сатуу жана брондоо, калктан төлөмдөрдү кабыл алуу:

• мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу ККДнын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун, административдик укук бузуулар үчүн, салыктардын ар кандай түрлөрү боюнча тѳлѳмдѳрдү кабыл алуу)
• коммуналдык кызматтар үчүн (электр энергиясы, газ, таштанды чыгаруу, муздак суу, ысык суу жана жылуулук, лифт, домофон)
• уюлдук операторлордун кызматтары үчүн
• Интернет-провайдерлердин кызматтары үчүн
• жер үстүндөгү кабелдик телекөрсөтүү кызматтары үчүн
• банктык кызматтар үчүн: – кредиттерди төлөө жана берүү, электрондук капчыктарды толтуруу жана накталай берүү

Кыргыз почтасынын тарыхы

Жаралуу тарыхы (СССР): «Кыргыз почтасы» өзүнүн жаралышынын башатын кыргыздар Россия империясынын, андан кийин Советтер Союзунун курамына кирген мезгилден ала алат. 1878-жылы Пишпек шаарында (азыркы Бишкек) биринчи почта станциясы ачылган. Бул мезгилде почта станциялар негизги транспорттук жолдордун боюнда жайгашкан, анткени бул ар кайсы аймактар менен борбордун ортосундагы байланышты сактоого мүмкүндүк берген. Почта СССРдин ар кайсы аймактарынын ортосунда маалымат, посылка жана кат алышууда маанилүү ролду ойногон. Республика боюнча көптөгөн почта бөлүмдөрү курулуп, бул калктын почта кызматтарына жеткиликтүүлүгүн бир топ жакшырткан.
Көз карандысыз Кыргызыстан: 1991-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болуп, почта кызматы жаңы мамлекеттүүлүктүн маанилүү элементи болуп калды. Кыргыз почтасы кайра уюштурулуп, көз карандысыз ишкана катары иштей баштаган. 1993 – жылы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы түзүлүп, Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун толук кандуу мүчөсү болуп катталган. Мына ошондон тарта 192 бүткүл дүйнөлүк почта союзуна мүчө-өлкөлөр менен эл аралык почта жөнөтмөлөрүн алмашып, ошондой эле анын органдарынын иштерине активдүү катыша баштаган.

Заманбап мезгил: 2000-жылдардын башында почта кызматын масштабдуу модернизациялоо жүргүзүлдү. Заманбап маалыматтык технологиялар, почтаны иштетүүнүн автоматташтырылган тутумдары киргизилип, логистика жакшыртылды. 2013-жылы “Кыргыз почтасы” Евразия экономикалык коомдоштугунун почта биримдигине (ЕврАзЭС) кирген, бул эл аралык почта байланыштарын жакшыртууга мүмкүндүк берген. Бүгүнкү күндө ” Кыргыз почтасы ” ААК салттуу почта кызматтарын, курьердик жеткирүүнү, финансылык жана логистикалык кызматтарды кошо алганда, кызматтардын кеңири спектрин сунуштайт. “Кыргыз почтасы” ААК заманбап кардарлардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өнүгүүнү жана модернизациялоону улантууда.
“Кыргыз почтасы” ААК: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №203 токтому менен “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы 100% акциясын мамлекеттин менчигинде сактоо менен ачык акционердик коомго өзгөрүп түзүлдү. Почта байланыш башкармалыктарынын базасында “Кыргыз почтасы” ААК филиалдарынын тармагы түзүлгөн, бухгалтердик, салыктык жана башкаруучулук эсептин бирдиктүү эсептик принциптеринин негизинде почта байланышынын региондук түзүмдөрүн башкаруунун бирдиктүү системасы киргизилген. Учурда «Кыргыз почтасы» ААК калкка социалдык мааниге ээ почта жана финансылык кызматтарды көрсөтүү менен толук өзүн-өзү актоо шартында иш алып барган стратегиялык субъект болуп саналат.

Дүйнөлүк рейтинг: 2020-жылы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун эл аралык бюросундагы рейтингде 172 мүчө өлкөлөрдүн арасынан 98-орунду ээлесе, 2021-жылы “Кыргыз почтасы” ААКму 65-орунга, ал эми 2022-жылы 60-орунга көтөрүлгөн. Ал эми 2024-жылы “Кыргыз почтасы” ААКму үч жыл аралыгында 98-орундан 29-орунга көтөрүлдү.

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 227

кабылдама: (+996 312) 61 36 07;

кеңсе: (+996 312) 61 52 93;

факс: (+996 312) 61 21 01 (+996 312) 90 17 25;

e-mail: info@post.kg

ишеним телефону: (+996 312) 61 52 94