Открытое акционерное общество «Кыргыз почтасы»

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 203 токтому менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы 100% акциясы мамлекеттик менчикте болгон “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому болуп түзулгөн.

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасындагы почта тармагынын мамлекеттик оператору жана өз ишмердүүлүгүн калкка социалдык маанилүү почталык-финансылык кызмат көрсөтүү менен толугу менен өзүн-өзү (чарбалык эсеп) каржылаган стратегиялык объект болуп саналат.

Мындан тышкары “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому 1993-жылдан бери Дүйнөлүк почта уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуп саналат жана Дүйнөлүк почта уюмуна мүчө болгон 192 өлкө менен эл аралык почта жөнөтмөлөрүн алмашууну ишке ашырат, ошондой эле анын органдарынын ишине активдүү катышып келет. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому почта байланышынын бөлүмдөрүнүн кеңири тармагына ээ, республика боюнча 916 объект, анын ичинде 872 почта байланышынын бөлүмдөрү, алардын 70% Кыргыз Республикасынын айыл жана жетүүгө кыйын болгон алыскы бийик тоолуу жерлеринде жайгашкан.

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы №614 токтому менен “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун акционери болуп мамлекеттик менчиктеги 100% акциясын сактоо менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри дайындалган.

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому салттуу почта кызматтарынан сырткары пенсия жана жөлөк пул төлөө, салыктар боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айып пулдарын кабыл алуу, ички жана эл аралык акча которуулар, коммуналдык төлөмдөр, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр болгон калкты каттоо жана документтештирүү, транспорт жана кыймылсыз мүлктү каттоо жаатындагы финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин көрсөтөт.

Черикчиев Марат Жолдошбекович
Черикчиев Марат Жолдошбекович
Башкы директору

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 227

кабылдама: (+996 312) 61 36 07;

кеңсе: (+996 312) 61 52 93;

факс: (+996 312) 61 21 01 (+996 312) 90 17 25;

e-mail: info@post.kg

ишеним телефону: (+996 312) 61 52 94