«Инфоком» Мамлекеттик ишканасы

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы – өлкөдөгү алдынкы мамлекеттик IT-компания, инновациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган, калкты тейлөөдө бизнес-процесстерди автоматташтыруучу, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин техникалык оператору болуп саналат.

“Инфоком” МИ документтерди – паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоо, автомобилдик номердик белгилерди чыгаруу, IT -технологиялар тармагындагы консалтинг менен алектенет, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай программалык камсыздоосун чыгарат. “Инфоком” МИ электрондук булуттук санариптик колтамганы берүү, архивдерди санариптештирүү, чоң көлөмдөгү маалыматтарды сактоону ишке ашырат.

Ишкана тейлеген мамлекеттик маалыматтык системалар Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунда (МИБ) обочо жайгаштырылган, ал маалыматтык коопсуздуктун талаптарына жооп берет жана корголуучу активдерге техникалык, программалык каражаттар жана уюштуруу-режимдик чаралар менен санкцияланбаган кирүүлөрдү максималдык чектөө аркылуу маалыматтык системаларга жана маалымат базаларына кирүүнү борбордон башкарууну камсыз кылат.

Ишканада 700гө жакын кызматкер иштейт. “Инфоком” МИнин түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:

Мамлекеттик жекелештирүү борбору;
Мамлекеттик номердик белгилерди даярдоо боюнча мамлекеттик борбор;
Республика боюнча калкты тейлөө борборлору;
Телефондук тейлөө борбору (колл-борбор 119).
“Инфоком” МИге республика боюнча Калкты тейлөө борборлорунун ишин уюштуруу жана тескөө ыйгарым укугу берилген, аларда мамлекеттик кызматтардын 40тан ашык түрү көрсөтүлөт.

“Инфоком” МИ тарабынан иштелип чыккан системалар чет мамлекеттердеги мекемелерде да ишке киргизилген, алардын жардамы менен жарандар өлкөгө келбестен, паспорт, ЖААК жана айдоочулук күбөлүк багыттары боюнча документтерин тариздей алышат.

Кенениреек https://infocom.kg/

Садамбеков Кубанычбек Туратбекович
Садамбеков Кубанычбек Туратбекович
Директор

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук үлгүдөгү идентификациялык карталарын, жалпы жарандык паспортту, айдоочулук күбөлүктү, “Мекен-карт”, экипаждын мүчөлөрүнүн күбөлүктөрүн, кызматтык жана дипломатиялык паспортторду жекелештирүү;

Транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин даярдоо;

Цифралардын жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик номерлерге сертификаттарды сатуу;

Маалыматтык технологиялар тармагында консалтинг;

Программалык камсыздоону иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана техникалык коштоо;

Булуттук электрондук колтамга (БЭК) берүү;

БЭК колдонуу менен программалык-аппараттык чечимдерди жайылтуу;

Системаларды интеграциялоо маселелерин чечүү;

Документтерди нукка салынган сканерлөө жана киргизүү;

Аутсорсинг Call-борбору;

Каттоо жана документтештирүү боюнча калкты тейлөө үчүн шарттарды түзүү (КТБ, мобилдик топтор, онлайн сервистер);

Электрондук документ жүгүртүү системасын иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана техникалык жактан коштоо;

Ири көлөмдүү документтерди сактоо жана иштеп чыгуу үчүн долбоорлорду ишке ашыруу жана долбоорлоо.

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алдында түзүлгөн, андан соң:

2009-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен “Инфоком” МИ МРТМА курамынан жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагына өткөн.
2021-жылдын 1-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин түзүлүшү менен “Инфоком” МИ төмөнкүдөй мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди кошуу менен кайрадан түзүлгөн:
– Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Түндүк” Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” мамлекеттик ишканасы;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Инфо-Система” мамлекеттик ишканасы;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Соцсервис” мамлекеттик ишканасы;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Транском” мамлекеттик ишканасы.

Ошентип, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы жогоруда айтылган юридикалык жактардын укугун улантуучу болуп калды.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн, ага мурда кайра уюштурулган Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Инфо-Система” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери өткөн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси түзүлгөн, ага да мурда кайра уюштурулган Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Түндүк” Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери өткөн.

Кыргыз Республикасы, 720000 Бишкек ш., Чокон Валиханов көчөсү 2 (Чолпон-Ата)
Телефон: (0312) 98-61-90, 98-61-91
Факс: (0312) 63-05-00
E-mail: support@infocom.kg
Иштөө режими: Дүй.-Жумага, 9:00 дөн 18:00гө чейин