АЙЫМДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ МЕНЕН!
Урматтуу асылзаада апалар, эжелер, карындаштар! Сиздерди Эл аралык аялдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Сиздер боорукерлик, кең пейилдик, сулуулук, назиктик менен дүйнөнү кооздоп турасыздар!
Кыргыз эли эзелтеден аялзатын ардактап, аяр мамиле жасап келген
Тарыхка көз чаптырсак Кыз Сайкал, Каныкей, Айчүрөк, Акыл Карачач, Жаңыл мырза, Кенжеке, Бурулча, Курманжан датка, Уркуя Салиева сындуу тарыхка аты калган апаларыбыздын аты көзгө урунат. Бул да болсо Кыргыз аялдары илгертен бардык коомдук саясий окуяларга активдүү катышканын, алардын орду дайым бийик болгонун айгинелейт.
Бүгүн да ийгилик жаратып, Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып жаткан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Валентина Шевченко
сыяктуу мыкты кыздарыбыз менен сыймыктанабыз. Ишкердикте, медицина, илим, IT технология жана башка багыттар боюнча дүйнөдө ийгилике жеткен жүздөгөн кыздарыбыз бар. Биз ар бириңиздер менен сыймыктанабыз !
Урматтуу айымдар!
Дагы бир жолу жаз менен кошо келген майрамыңыздар кут болсун!
Сиздерге үй-бүлөлүк бакыт, бекем ден-соолук, ийгилик каалайм. Ар бир күнүңүздөр бактылуулук, кубаныч, жакшылыктар менен коштолсун!