“Digital CASA- Кыргыз Республикасы” долбоору 08.09.2023, 16:34 “Digital CASA- Кыргыз Республикасы” долбоору боюнча маалымат Долбоор 2019-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгондон кийин 2019-жылдын 20-февралында күчүнө кирди. Долбоордун максаттары: кыйла жеткиликтүү Интернетке жетүүнү кеңейтүү; МКТ секторуна жеке инвестицияларды тартуу; региондук интеграцияланган санариптик инфраструктураны жана жагымдуу чөйрөнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү жолу менен санариптик мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү бөлүгүндө Алуучунун потенциалын жогорулатуу. Компонент 1. Санариптик байланыштын аймактык инфраструктурасы Компоненттин максаты- жеке сектордун тармактык инфраструктурасын өнүктүрүүнү стимулдаштыруу жана бүткүл өлкө боюнча Интернет-кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу жолу менен республиканын бардык жарандары үчүн интернет түйүнүнө арзан жана сапаттуу жетүүнү илгерилетүү. Күтүлгөн жыйынтык: республиканын калкынын кеминде 60% ын стационардык Интернет менен камсыз кылуу үчүн жалпы республика боюнча 2500 км ВОЛС тартылат. Компонент 2. Аймактык маалымат иштеп чыгуу борборлору, санарип платформалар жана интеллектуалдык чечимдер Компоненттин максаты – мамлекеттик органдардын инфраструктураны жана булут кызматтарын биргелешип колдонуусун камсыз кылуу үчүн «G-Cloud» Мамлекеттик булут сактагычын түзүү Күтүлгөн натыйжа: аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча G-Cloud платформасында 7ден кем эмес мамлекеттик орган жайгашат, ал кеминде 3 кызматты көрсөтөт. Компонент 3. Санариптик экономика үчүн жагымдуу шарттарды түзүү 3.1– компонентчеси. Санариптик экономиканын укуктук, жөнгө салуучу жана уюштуруучулук негиздери Компонентченин максаты – региондук жана улуттук деңгээлдеги потенциалдуу тоскоолдуктарды аныктоо үчүн мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү. Күтүлгөн натыйжа: Санарип кодексин иштеп чыгуу жана КР министрлер кабинети жана КР ЖК тарабынан кабыл алуу 3.2– компонентчеси. Санариптик экономика чөйрөсүндө адистерди даярдоо, жумуш орундарын түзүү жана инновацияларды киргизүү боюнча аймактык өнөктөштүк Компонентченин максаты: билим берүү жана илимий-изилдөө уюмдары менен өнөктөштүктөрдү түзүү, мамлекеттик кызматкерлерди, МКТ жаатындагы адистерди, жарандарды – өзгөчө аялдарды, жаштарды жана калктын аялуу топторун лидерликке окутуу жана санариптик экономика жаатында компетенцияларын жогорулатуу. Күтүлгөн натыйжа: кеминде 1500 адамдын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу, алардын ичинен кеминде 30% аялдар. 3.3 – компонентчеси. Санариптик лидерлик жана стратегиялык коммуникациялар Компонентченин максаты – долбоордун жыйынтыктарын жана Кыргыз Республикасынын негизги санариптик демилгелерин маалыматтык коштоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын IT имиджин калыптандырууга жардам берүү, санариптик трансформация кеңсесин колдоо аркылуу мамлекеттин потенциалын күчөтүү. Күтүлгөн натыйжа: долбоордун маалыматтык-билим берүү иш-чараларын ишке ашыруу. Компонент 4. Долбоорду башкаруу Компоненттин максаты – Долбоорду башкаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү, анын ичинде ДИБди колдоо, мониторинг жана баалоо жана аудит жүргүзүү. Контакттык маалыматтар: Дарек: 720055 Ахунбаева көч. 119, Бишкек, КР Кабылдама: +996 (312) 56-58-43 Электрондук почта: info@dcasa.kg Социалдык тармактар: Facebook, Instagram