Жаштар менен аялдардын бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун илгерилетүүгө багытталган “Санарип Инсан” долбоору жыйынтыгын чыгарды

img

Бүгүн, 2024-жылдын 4-мартында, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева “Санарип Инсан” долбоорунун жыйынтыктоочу форумуна катышты.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, санариптик өнүктүрүү министри Н.Кутнаева “Санарип Инсан” долбоорунун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди. “Жаштардын стартаптарын колдоо, санариптик туризмди жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү сыяктуу демилгелер экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөйт жана биздин жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, – деп белгиледи Н.Кутнаева өз сөзүндө.

“Санарип Инсан” – санариптик платформаларды окутуу жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу аркылуу экономикалык бакубаттуулукту жакшыртуу үчүн Кыргызстандын айыл аймактарында жаштардын жана аялдардын бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун илгерилетүү боюнча долбоор. Долбоордун ишинин натыйжасы туруктуу өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо максаттары боюнча жаштардын корголушунун индикаторлорун жакшыртуу болду.

Microsoft Digital Literacy фреймворкун адаптациялоонун аркасында 100гө жакын видеоматериалдар жана мугалимдер үчүн ошончо презентациялык материалдар кыргыз тилине жеткиликтүү болду. Мындан тышкары, “Санарип Инсан” долбоору БУУнун программалоо тилин кыргыз тилине которуп, ага бардык кыргызстандыктарга мүмкүнчүлүк берди. Жалпы байге фонду 2.7 миллион сомду түзгөн жаштар үчүн стартаптар конкурсунун алкагында, өлкөнүн бардык аймактарынан келген 10 санариптик стартап колдоого ээ болду, бул 255 жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түздү.