Кыргыз Республикасынын Почта байланышы жөнүндө Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Почта байланышы жөнүндө
2001-жылдын 20-июну № 52
(КР 2003-жылдын 24-июнундагы № 110, 2008-жылдын 4-августундагы № 186, 2009-жылдын 26-июнундагы № 193, 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында почта байланышы тармагындагы иш-аракеттерди мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздерин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен милдеттерин аныктайт, ошондой эле почта байланышы кызматынан пайдалануучулар менен почта байланышы ишканаларынын ортосунда пайда болуучу укуктук мамилелерди жөнгө салат, почта кызматын тейлөөнү, өлкөнүн бүткүл аймагы боюнча почта жөнөтмөлөрүнүн транзит эркиндигин, аларды жөнөтүүнү жана жеткирүүнү гарантиялайт.
Ушул Мыйзамдын жоболорунун аракети Кыргыз Республикасынын почта байланышы тармагы аркылуу жарандардын, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын почта байланышы кызматына, маалыматтарды, акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө жана алууга болгон конституциялык укуктарын камсыз кылууга багытталган.
I Бөлүм
Жалпы жоболор
1-берене. Почта байланышы тармагындагы иш-аракеттердин принциптери
Кыргыз Республикасында почта байланышы тармагындагы иш-аракеттер төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
– Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдерине туура келүү;
– почта байланышы кызматын атаандаштыктын, жекече ишкердиктин жана коммерциялык өз алдынчалыктын негизинде тейлөө көрсөтүү;
– мамлекеттин почта байланышы тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана почта байланышы ишканалары менен операторлорунун иш-аракеттерин жөнгө салуу функцияларын тармактарды эксплуатациялоо жана почта байланышы кызматтарын тейлөө функцияларынан ажыратуу;
– почта байланышы кызматынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу;
– почта байланышы тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча жагымдуу шарттарды түзүү;
– почта байланышы тармактары менен кызматтарынан бардык жеке жана юридикалык жактардын бирдей пайдалануусу;
– почта байланышы ишканаларынын пайдалануучулардын маалыматтарынын купуялуулугун сактоо;
– почта байланышы кызматынан пайдалануучулардын укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
– Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында болгон бирдиктүү почта аймагынын алкагындагы почта байланышынын иш-аракеттерин жөнгө салуу;
– Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында почта байланышы тармагындагы стандарттардын, ошондой эле техникалык жана экономикалык саясаттын башка талаптарынын бирдейлиги;
– өзгөчө кырдаалдарда жана мамлекеттик башкаруу, коргоо, коопсуздук, укук тартибин сактоо жаатындагы милдеттерди аткаруу үчүн почта байланышы тармактарынан пайдаланууга жолдун ачыктыгы.
2-берене. Аныктамалар
Ушул Мыйзамда терминдер төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:
абоненттик почта шкафы – көп кабаттуу турак үйдүн подъездинде (вестибюлунда, тамбурунда), ошондой эле айыл жерлериндеги жеткирүүчү участокто алуучулар почта жөнөтмөлөрүн алып туруу үчүн орнотулган ящиктери бар атайын шкаф;
абоненттик почта ящиги – абоненттер (алуучулар) тарабынан мекеме менен уюмдардын вестибюлдарында, көп кабаттуу турак үйлөрдүн подъезддеринде, же менчик үйлөрдө почточуларга ыңгайлуу жерлерге почта жөнөтмөлөрү менен мезгилдүү басма сөздү жеткирип жана салып коюу үчүн орнотулган атайын ящиктер;
почталык акы төлөөнүн мамлекеттик белгилери – почта жөнөтмөлөрүнө почта кызматынын акысы төлөнгөндүгүн аныктаган почта маркалары жана коюлуучу башка белгилер;
мамлекеттик фельдегердик байланыш – өкмөттүк почта жөнөтмөлөрүн кабыл алуу, жеткирүү;
энчилүү буюм – документтер менен почта жөнөтмөлөрүнө почта байланышы объектисинин аталышын, почта жөнөтмөлөрүн кабыл алуу жана жеткирүү датасын белгилеген эн-тамгаларды кое турган аспап;
эл аралык почта байланышы – ар кандай мамлекеттердин юрисдикциясындагы почта байланышы ишканаларынын ортосунда почта жөнөтмөлөрүн алмашуу;
эл аралык алмашуу жайы – келүүчү жана жөнөтүлүүчү эл аралык почта жөнөтмөлөрүн толук иштетүү, ошондой эле аларды дареги боюнча жөнөтүү үчүн бөлүнгөн почта байланышы ишканалары;
почта байланышынын оператору – почта байланышы тармагын эксплуатациялоочу жана почта байланышы кызматын көрсөтүүчү жеке же юридикалык жак;
почта байланышынын объектилери – почтамттар, темир жол почтамттары, темир жол станцияларындагы, аэропорттордогу почта ташуу бөлүмдөрү, почта алмашуу пункттары, почта байланышы ишканалары жана түйүндөрү, почта байланышы бөлүмдөрү жана пункттары ж.б.;
почта байланышы – почта жөнөтмөлөрүн, ошондой эле акча каражаттарынын почталык котормолорун кабыл алуу, иштетүү, ташуу, жеткирүү жана тапшыруу;
почта жөнөтмөлөрү – өлкө ичинде, ошондой эле анын чегинен сырткары ташуу жана тапшыруу үчүн почта операторлоруна берилген каттар, почта карточкалары, бандеролдор жана майда пакеттер, аманаттар, почта контейнерлери, тийиштүү түрдө таңгакталган басылмалар;
кат кабарлар – электрондук жана/же кагаз түрүндөгү катталбаган жана катталуучу каттар, почта карточкалары, бандеролдор, майда пакеттер жана секограммалар (көзү азиздер үчүн атайын басылмалар) түрүндөгү почта жөнөтмөлөрү;
почта байланышы ишканалары – почта байланышы кызматын көрсөтүүчү юридикалык жактар;
почта индекси – почта жөнөтмөлөрүн кабыл алууну жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу почта байланышы объектисине ыйгарылган почта дарегин шарттуу түрдө цифралык белгилөө;
почта маршруту – почта транспортунун эки же андан көп тейленүүчү почта байланышы пункттарынын же почта алмаштыруу пункттарынын аралыгындагы жол каттамы;
почта ящиги – катталбай турган каттарды жана почта карточкаларын жыйнап алууга арналган атайын формадагы жана өлчөмдөгү ящик;
жеке контейнерлер – жөнөтүүчүнүн пломбасы (мөөрү) коюлган контейнерлер, мындай контейнерлер почта байланышы ишканаларында алуучу тарабынан ачылат;
басылмаларды таркатуу – басылмаларга жазылууну кабыл алуу, басылмаларга заказдарды иштетүү, басылмаларды жазылганы жана чекене баа боюнча жөнөтүү, ташуу жана жеткирүү;
почта байланышы тармагы – почта байланышынын бирдиктүү тутумун түзгөн почта байланышы ишканаларынын, объектилеринин жана почта маршруттарынын жыйындысы;
почта байланышы каражаттары – почта байланышы кызматтарын тейлөөдө пайдаланыла турган почта байланышынын жабдуулары жана транспорту;
атайын байланыш – мамлекеттик бийлик органдарынын, мекемелердин, ишканалардын, жеке жана юридикалык жактардын атайын почта жөнөтмөлөрүн байланыш ишканаларынын Уставдарында көрсөтүлгөн өзгөчө шарттарга ылайык кабыл алуу жана жеткирүү;
камсыздандырылган жөнөтмөлөр – баалуу почта жөнөтмөлөрү (каттар, бандеролдор, аманаттар, жөнөтүүчүнүн пломбасы (мөөрү) коюлган жеке контейнерлер), ошондой эле кадимки (бааланбаган салуулар) аманаттар жана жеке контейнерлер;
байланыш купуялыгы – кат-кабар алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык жана башка кабарлардын купуялыгы;
почта байланышынын кызматтары – почта жөнөтмөлөрүн, акча каражаттарынын почта жана телеграфтык котормолорун кабыл алуу, иштетүү, жөнөтүү жана жеткирүү, пенсия, жөлөкпулдарды төлөп берүү иш-аракетин жүзөгө ашыруу жана почта байланышы ишканаларынын келишимдик негиздеги көрсөтө турган башка кызматтары;
универсалдуу почта байланышы кызматы – пайдалануучуга өлкөнүн аймагында жалпыга жеткиликтүү тарифтер боюнча көрсөтүлүүчү почта байланышынын эң зарыл (кат-кабар жөнөтмөлөрү) кызматы;
адресат – почта жөнөтмөсү, акча каражаттарын почта аркылуу которуу, телеграфтык же башка билдирүү даректелген жаран же уюм;
почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын даректик маалыматтары – жарандар жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, почта дареги);
почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар – почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу жарандар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар;
бонд (бажы) кампасы – почта байланышынын дайындалган операторунун базасында уюштурулган, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген товарларды бажылык тариздөөсүз жана салыктарды, бажы алымдарын жана жыйымдарын төлөбөстөн, сатып алуучу сатып алганга чейинки сактоо мөөнөтүнө товарларга лицензияны жана квотаны белгилебестен сактоого жана бөлүштүрүүгө арналган кампа;
почта байланышынын дайындалган оператору – Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна мүчө өлкө тарабынан расмий дайындалган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун актыларына ылайык почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн камсыз кылуучу почта байланышынын ишканасы.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Почта байланышынын милдети
Кыргыз Республикасынын юрисдикциясындагы почта байланышы почта жөнөтмөлөрүн, акча котормолорун кабыл алууну, иштетүүнү, жеткирүүнү жана тапшырууну, пенсия менен жөлөкпулдарды төлөп берүүнү, ошондой эле республиканын бүткүл аймагында келишимдик негизде мыйзам тарабынан тыюу салынбаган салттуу эмес жана коммерциялык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуучу байланыш объекттери менен каражаттарынын бирдиктүү технологиялык тармагын түзөт.
Почта байланышынын кызматтары Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте берилүүчү лицензиялардын негизинде иштеген менчиктин ар кандай түрүндөгү почта байланышы ишканалары жана операторлору тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн.
Почта байланышынын мамлекеттик ишканалары почта жөнөтмөлөрүн өз ара алмашуу үчүн бирдиктүү почта аймагын түзөт, Кыргыз Республикасынын почта байланышы чөйрөсүндөгү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын карамагында болот жана жазуу жүзүндөгү кат-кабарларды, акча которууларды кабыл алуу, иштетүү, жөнөтүү жана жеткирүү, республиканын ичинде, ошондой эле анын чегинен тышкары почтаны ташуу, ошондой эле пенсия менен жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызматтарды көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети почта байланышынын дайындалган операторунун базасында бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган тартипте бонд кампасынын иши боюнча эксперименттик долбоорду ишке ашырууга укуктуу.
Мамлекеттик эмес ишканалар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилген лицензиянын негизинде почта кызматтарын көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында почта жөнөтмөлөрүнүн жана почта транзитинин эркиндиги кепилденет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Почта байланышынын түрлөрү
Кыргыз Республикасында төмөндөгүлөр иштейт:
– мамлекеттик почта байланышы;
– атайын байланыш;
– мамлекеттик фельдъегердик байланыш;
– менчиктин ар кандай түрүндөгү ишканалар тарабынан жүзөгө ашырылуучу почта байланышы;
– курьердик иш-аракет.
(КР 2003-жылдын 24-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Почта байланышы жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасында почта тармагындагы мамилелер, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укук актылары, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун мүчөсү катары Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдер жана макулдашуулар аркылуу жөнгө салынат.
Эгерде Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде же макулдашууларда ушул Мыйзамда каралгандан бөлөк эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
Почта байланышы тармагынын туруктуу иштөөсүн мамлекеттик башкаруу, жөнгө салуу жана уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу маселелери боюнча, ошондой эле каражаттарды эксплуатациялоо жана контролдоо, почта байланышы кызматтарын көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы тармагында мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу органдары тарабынан чыгарылуучу укук актылары Кыргыз Республикасынын юрисдикциясындагы бардык почта байланышы ишканалары үчүн милдеттүү болуп саналат.
Ушул Мыйзамды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүлөт, аны жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II Бөлүм
Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу органдары
6-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында почта байланышы тармагын өнүктүрүү программасын бекитет жана ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын жоболоруна ылайык аны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдойт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары:
– почта байланышы тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
– инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
– почта байланышы тармагын демонополизациялоо жана менчиктештирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
– байланыштын эл аралык уюмдарында Кыргыз Республикасынан өкүлчүлүк кылуу;
– почта байланышы кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети почта байланышы жаатындагы башкаруу боюнча өз ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамга ылайык почта байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана почта байланышынын абалы жана өнүгүшү үчүн өз компетенциясынын чегинде жоопкерчиликти алуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарына берет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-1-берене. Почта байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
Почта байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Почта байланышы жаатындагы жөнгө салуу
Почта байланышы жаатындагы жөнгө салууну байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат, анын функцияларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менчигинин түрүнө карабастан почта байланышы жаатындагы бардык жөнгө салынуучу субъекттер үчүн милдеттүү болуп саналат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды күтүүгө чыгымдар төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
– байланыш тармагын өнүктүрүүгө почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдөн түшкөн 0,9 пайыз өлчөмүндөгү ар жылдык чегерүүлөрдүн, алар толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш, анын ичинен бюджеттен 40 пайызы байланыш тармагын өнүктүрүүгө багытталат;
– мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн;
– донордук жана башка уюмдардын гранттарынын, жардамынын;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик почта байланышы тармагын башкаруу
Өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик почта байланышы тармагын башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы тармагынын мамлекеттик башкаруу органы тарабынан “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик департаменти, өкмөттүк органдардын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын аткаруу бийлигинин байланышты башкаруу борборлору, ошондой эле мамлекеттик почта байланышы ишканалары аймактын карамагында болгон башка мамлекеттик жана жергиликтүү аткаруу бийлик органдары менен бирдикте жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө кырдаал учурларында өз иш-аракетин аткаруудан жана табигый кырсыктардын почта байланышы каражаттарына тийгизген кесепеттерин жоюуда мамлекеттик почта байланышы ишканаларына жардам көрсөтөт.
III Бөлүм
Почта байланышы тармагындагы иш-аракеттер
9-берене. Почта байланышынын негизги кызматтары
Почта байланышынын негизги кызматтары болуп почта жөнөтмөлөрүн, акча котормолорун кабыл алуу, иштетүү, жеткирүү жана тапшыруу болуп саналат.
Мамлекеттик почта байланышы ишканалары универсалдуу почта байланышы кызматын республиканын бүткүл аймагында көрсөтүүнү камсыз кылат.
10-берене. Почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо
Почта байланышы жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиялар Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилет.
Почта байланышы жаатында ишке лицензия төмөнкүлөргө негизделген лицензиялык талаптарды камтыйт:
– тармакты өнүктүрүүгө же кеңейтүүгө, же кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнө карата милдеттенмелерге, эгерде алар каралган болсо;
– басмырлоосуз негизде бардык пайдалануучуларга кызмат көрсөтүүгө лицензиаттын милдеттенмелерине;
– пайдалануучу акы төлөбөгөн же пайдалануучу сервистик келишимдин шарттарын бузган учурда кызматтарды көрсөтүүнү токтото туруу же токтотуу укуктарына;
– маалымдаманы чыгаруу максатында абоненттерге, башка жактарга тиешелүү купуя эмес маалыматтарды берүү милдеттенмелерине;
– пайдалануучунун, ар кандай жабык маалыматтын же ачыкка чыгаруу улуттук коргонууга, коопсуздукка же укук тартибин коргоого коркунуч келтириши мүмкүн болгон башка маалыматтардын купуялыгын камсыз кылууга лицензиаттын милдеттенмелерине;
– улуттук коргоого, коопсуздукка же укук тартибине коркунучтун учурунда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда, анын ичинде почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу боюнча мамлекеттин талаптарын канааттандырууга лицензиаттын милдеттерине;
– ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган жыйымдарды жана чегерүүлөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерге;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде ушул Мыйзамды жана почта байланышы жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды сактоо милдеттенмелерине;
– лицензиаттын укуктарына жана милдеттерине карата лицензияда жалпы же атайын шарттардын болушуна;
– Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн шарттарды жана талаптарды сактоого лицензиаттын милдеттенмелерине.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Почта байланышынын келишимдик кызматтары
Мамлекеттик почта байланышы ишканалары пенсияларды, жөлөкпулдарды жана максаттуу башка төлөмдөрдү жеткирүүнү жана төлөп берүүнү келишимдик негизде камсыз кылат, телефондук сүйлөшүү, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү кабыл алуу жана жеткирүү кызматтарын көрсөтөт, коммуналдык кызмат үчүн акыларды кабыл алууну, басылмаларды таркатууну, түшкөн акчаларды кабыл алууну жана инкассациялоону камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары уруксат берген башка иш-аракеттерди аткарат.
Башка бардык почта байланышы ишканалары да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдик иш-аракеттерди аткарышат.
12-берене. Почта ташууда транспорт каражаттарын пайдалануу
Мамлекеттик почта байланышы ишканаларынын почта ташууда пайдаланылуучу транспорт каражаттарында “Почта” деген атайын жазуусу болот. Аталган транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын бардык көчөлөрү жана жолдору боюнча тоскоолсуз өтүү, оперативдүү жана атайын кызматтардын автомобилдери менен катар эле кезексиз түрдө күйүүчү май куйдуруу, ошондой эле менчиктин бардык түрлөрүндөгү техникалык сервис кызматтарында кезексиз техникалык тейлөөдөн өтүү жана оңдотуу укуктарына ээ.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда мамлекеттик почта байланышы ишканаларынын транспорт каражаттары ушул ишканалардын макулдугусуз почта байланышы тармагындагы иш-аракеттер менен байланышпаган жумуштарды аткаруу үчүн пайдаланылбайт.
Темир жол транспорту тармагындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы келишимге ылайык жүк-почта вагондорунун каттоосун уюштурат, бул вагондорду тез жүрүүчү жана жүргүнчү поезддеринин курамына кошот жана почта вагондору бар поезддерди жүктөп-түшүрүүгө ыңгайлуу болгон платформаларда кабыл алууну камсыз кылат.
Почта байланышы ишканалары келишимдерге ылайык почтаны темир жол, аба жана автомобиль жолдорунун бардык маршруттары жана жолдору боюнча почта байланышы ишканаларынын кызматчыларынын коштоосу менен же почта жөнөтмөлөрүн жеткирүүнү транспорт уюмдарынын жоопкерчилигине өткөрүп берүү аркылуу ташуу укугуна ээ.
Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар алардын транспорт каражаттарын почта байланышы ишканалары почта жөнөтмөлөрүн ташуу үчүн пайдаланган учурда ушул почта жөнөтмөлөрүн дареги боюнча тезирээк жана бүлдүрбөй-жоготпой жеткирүүгө көмөктөшүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик почта байланышынын транспорт каражаттарын кармоо жана кароо тийиштүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ушул райондун же шаардын прокурорунун санкциясы бар болгон учурда жакынкы мамлекеттик почта байланышы ишканасынын аймагында, анын өкүлүнүн катышуусу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
13-берене. Почта байланышы кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жана сапатынын гарантиялары
Почта байланышы кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жана сапатынын негизги гарантиялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын бардыгы үчүн почта байланышы кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө бирдей укукта почта байланышы кызматтарын көрсөтүү;
– почта байланышы ишканаларынын иш күнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашып, почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулар үчүн ыңгайлуу режимде жүргүзүүнү камсыз кылуу;
– почта байланышы ишканалары көрсөткөн почта байланышы кызматтарына талаптагыдай сапатта тейлөөнү почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын талабын канааттандыргандай камсыз кылуу;
– почта байланышынын мамлекеттик кызматын мамлекет тарабынан колдоо жана өнүктүрүү;
– маалымат алуу жана аны алмашуу каражаттарынын бири катары почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык жарандар жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
– почта байланышы жаатындагы эрежелердин, стандарттардын, талаптардын жана ченемдердин бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Кат-кабар алышуунун жашырындуулугу
Кат-кабар алышуунун жашырындуулугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана кат алышуунун сырын коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен гарантияланат.
Почта байланышы ишканаларында эмгектенген адамдар ушул сырдын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Кат-кабар алышуунун жашырындуулугун бузууга жана кат-кабарлардын же башка почта жөнөтмөлөрүнүн мазмунун элге таратууга тыюу салынат.
Почта жөнөтмөлөрү тууралу маалымат, ошондой эле ушул жөнөтмөлөрдүн өзү (билдирүүлөр) жөнөтүүчүгө жана алуучуга (адресатка) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө гана берилиши мүмкүн.
Кылмыштарды ачуу жана тергөө жүрүп жаткан кылмыш иштеринин чындыгын аныктоо максатында почта байланышы операторлору тергөө органдарына жана сотко буюм далилдери катары каралган почта жөнөтмөлөрүн жана зарылдыгы бар документтерди берүүгө милдеттүү. Почта байланышы объекттеринен почта жөнөтмөлөрүнө камак салуу жана аларды алып коюу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Өндүрүштүк документтерди алуу Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамы белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
Почта байланышы ишканалары почта жөнөтмөлөрүнөн жөнөтүүгө тыюу салынган буюмдарды (курал-жарак, уулуу, оңой күйүүчү заттарды ж.б.) белгиленген тартипте алып салууга укуктуу. Эгерде почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүчүнүн жана алуучунун даректери жок болгондугуна байланыштуу жеткирүүгө же кайра жөнөтүүгө мүмкүндүк болбосо почта байланышы ишканалары аларды ачууга укуктуу. Алуучулары табылбаган почта жөнөтмөлөрүн ачуунун, ошондой эле жөнөтүүгө тыюу салынган буюмдар менен почта жөнөтмөлөрүн алып коюунун тартиби почтанын ченемдик актылары менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын изин суутпай издөө иш-чаралары чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, почта кат-кабарларын жана документтик билдирүүлөрдү ачууга жана карап чыгууга, алар жөнүндө зарыл маалымдамаларды алууга тыюу салынат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Почта байланышынын менчиги
Кыргыз Республикасында почта байланышы каражаттары мамлекеттик, коммуналдык, жеке жана бөлөк менчикте болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканаларына алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан республиканын аймагында почта байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди уюштурууга жана жүзөгө ашырууга керектүү болгон жер участкалары, өндүрүштүк жана башка имараттар, аларга келүүчү жолдор, байланыш каражаттары, транспорт жана башка мүлктөр, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар менчикке, ижарага, чарба жүргүзүүгө же оперативдик башкаруу үчүн берилет.
Почта тармактары, почта маршруттарынан башка, юридикалык жактарга мамлекеттик, коммуналдык, жеке жана бөлөк менчик укуктарынын негизинде таандык болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик менчиктеги почта байланышы ишканаларынын мүлктөрү аталган ишканаларга чарба жүргүзүү же оперативдик башкаруу укуктарынын негизинде таандык.
Почта байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу максатында почта байланышы ишканалары жеке жана юридикалык жактардын мүлктөрүн келишимдик негизде пайдалана алат.
(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 186, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-берене. Почта байланышы ишканаларынын иш-аракеттерин каржылоо
Почта байланышы ишканаларынын иш-аракеттери төмөндөгүлөрдүн эсебинен каржыланат:
– почта байланышы кызматтарын көрсөтүүдөн түшкөн кирешелерден;
– республикалык бюджеттин каражаттарынан;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган бөлөк иш-аракеттерден, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган келишимдик кызматтардан түшкөн каражаттардан.
17-берене. Почта байланышын мамлекеттик колдоо
Мамлекет мамлекеттик почта байланышы ишканаларына төмөнкүлөр аркылуу экономикалык колдоо көрсөтөт:
– өндүрүштүк, транспорттук жана социалдык инфраструктураны түзүүгө жана өнүктүрүүгө капиталдык салымдар;
– белгиленген тартипте жеңилдетилген кредиттерди, салык боюнча жана башка жеңилдиктерди берүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айрым учурларда мамлекет бөлөк почта байланышы ишканаларына экономикалык колдоо көрсөтө алат.
18-берене. Почта байланышы тармагындагы монополияга каршы саясат
Кыргыз Республикасынын аймагындагы почта байланышы тармагынын иш-аракеттери демонополизация жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатка ылайык жүргүзүлөт.
Почта байланышы ишканалары өздөрүнүн аракеттеринин натыйжасында атаандаштыкка олуттуу чек койсо же почта кызматтарын көрсөткөн башка жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына кысым көрсөтсө, почта байланышы кызматтарынын тартыштыгын пайда кылып жана аны колдоп турса, болбосо ага болгон тарифтерди негизсиз жогорулатса, анда алар Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу органдары монополияга каршы саясат боюнча орган менен бирдикте Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы кызматын көрсөтүүдөгү ак ниеттүү атаандаштыкты колдойт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Почта байланышы кызматтарына тарифтер
Почта байланышы кызматтарына тарифтер почта байланышы тармагындагы мамлекеттик жөнгө салуу органы тарабынан монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу аныкталат.
Коммерциялык, салттуу эмес жана жаңы кызматтарга тарифтер почта байланышы ишканалары тарабынан эсептешүү-келишимдик негизде белгиленет.
Керектөөчүлөрдүн айрым категорияларына почта байланышы кызматтарына акы төлөө боюнча жеңилдик берилгенде аны жүзөгө ашырган почта байланышы ишканаларына кирешенин толук алынбай калган суммасы жеңилдик бөрген орган тарабынан төлөнөт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органынын өзгөчө укуктары
Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органына почта кызматынын акысын төлөөнүн мамлекеттик белгилерин даярдоого жана чыгарууга, Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик почта байланышы ишканаларына почта индекстерин ыйгарууга, ошондой эле мамлекеттик почта байланышы ишканалары үчүн энчилүү буюмдарды жасоого жана пайдаланууга өзгөчө укуктар берилет.
Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы почта маркаларын чыгарууга жана жүгүртүүдөн алып салууга өзгөчө укукка ээ. Ал алардын чыгарылышынын жылдык программаларын иштеп чыгат, түзүмүн жана тематикасын аныктайт.
20-1-берене. Почта байланышы жаатындагы эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрү
Почта байланышы ишканаларында эмгек шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Почта байланышы ишканаларынын кызмат адамдарына атайын жүктөрдү, накталай акчаларды, башка почта жөнөтмөлөрүн коштоо жана байланыш объекттерин кайтаруу боюнча кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн ок атуучу куралды, ошондой эле өзүн-өзү коргоонун жана жеке коргонуунун атайын каражаттарын сактоо, алып жүрүү жана колдонуу укугу берилет.
Ок атуучу куралды, ошондой эле өзүн-өзү коргоонун жана жеке коргонуунун атайын каражаттарын колдонуу Кыргыз Республикасынын курал-жаракты жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Почта байланышы ишканалары өз каражаттарынын эсебинен өз кызматкерлерине кошумча социалдык жеңилдиктерди жана материалдык компенсацияларды белгилөөгө укуктуу.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV Бөлүм
Почта байланышы ишканаларынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен болгон өз ара мамилелери
21-берене. Почта байланышы объектилерин жайгаштыруу
Мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары почта байланышы ишканаларына алардын почта байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча иш-аракеттерине көмөк көрсөтүшөт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары шаарлар менен калктуу конуштарды, турак жай райондору менен комплекстерди долбоорлоодо жана инфраструктурасын өнүктүрүүдө, ченемдиктерге ылайык, мамлекеттик почта байланышы ишканаларынын объектилерин жайгаштыруу жана алар өз иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн имараттарды жана коммуникацияларды курууну кароого милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары технологиялык ченемдерге ылайык курулган (же курулуп жаткан) турак үйлөрдөн же башка имараттардан мамлекеттик почта байланышы ишканаларына кызмат көрсөтүү үчүн өзүнчө жайларды биротоло бөлүп берүүгө милдеттүү.
Почта байланышы ишканаларына ушул райондун же калктуу конуштун социалдык инфраструктуранын объектиси катары бекитилип берилген ушул жайларды почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашпай туруп алып коюуга болбойт.
Мамлекеттик почта байланышы ишканалары почта байланышы объектилерин технологиялык ченемдерге ылайык автомобиль жана темир жол станцияларында, аэропорттордо, пристандарда жана мейманкана комплекстеринде жайгаштырууга милдеттүү, ал эми темир жол, аба, автомобиль, дарыя транспортторунун жана мейманкана комплекстеринин чарбакер субъекттери аларды жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик темир жол почтамттарын, авто-, темир жол станцияларындагы, аэропорттордогу, пристандардагы жана мейманкана комплекстериндеги почта ташуу бөлүмдөрүнүн имараттарын жана курулуштарын куруу үчүн жер участкалары мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан вокзалдардын жана мейманкана комплекстеринин имараттарына жакын жерден, ал эми мамлекеттик шаардык почтамттарды жана калктуу конуштардын почта байланышы түйүндөрүн курууга – шаардын борбордук бөлүгүнөн автомобилдер, почта вагондору, самолеттор, кемелер аркылуу жеткирилген почта жөнөтмөлөрүн иштетүүгө жана алмашууга мүмкүн болгон шарттарды камсыз кылуу менен бөлүнүп берилүүгө тийиш.
Абоненттик почта шкафтары менен почта ящиктери курулуш уюмдары тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарына орнотулат. Абоненттик почта шкафтарын жана ящиктерин сатып алууга жана орнотууга кеткен чыгымдар ушул үйлөрдүн курулуш сметасына кирет. Абоненттик почта шкафтарын жана ящиктерин жарактуу абалда сактап туруу үй ээлери тарабынан жүргүзүлөт.
Почта байланышы ишканалары почтанын сакталышын камсыз кылбаган абоненттик почта ящиктерине жана шкафтарына салынган почтанын сакталышына жооп бербейт.
Көп кабаттуу имараттарда жайгашкан уюмдарга почта жөнөтмөлөрүн жеткирүү ушул уюмдар тарабынан имараттардын биринчи кабаттарына орнотулган таяныч пункттардын почта шкафтарына салуу аркылуу жүргүзүлөт. Ушундай шкафтарды орнотуу жана жарактуу абалда сактап туруу почта жөнөтмөлөрүн алуучулар тарабынан жүргүзүлөт.
Почта байланышы ишканалары калктан каттарды жана почта карточкаларын чогултуу үчүн почта ящиктерин турак үйлөрдүн жана административдик имараттардын дубалдарына, ынгайлуу болгон башка жерлерге жайгаштырууга укуктуу.
22-берене. Почта байланышы уюмдары менен ишканаларынын кызматкерлерине кошумча гарантиялар
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик почта байланышы ишканаларына кызматтык турак жайларды бөлүп берет.
Мамлекеттик почта байланышы ишканаларынын почточуларына алар өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруу учурунда шаардык жүргүнчү транспортунун бардык түрлөрүндө (таксиден бөлөк), ал эми айыл жергесинде да ошондой эле шаар тегерегинде жана шаар аралык жүрүүчү жалпы пайдаланылчу автомобиль транспортунда акысыз жүрүүгө укук берилет. Ушул максаттарга кеткен чыгымдарды төлөө жергиликтүү бийлик органдарынын бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
Почточулар бут кийим жана форма, ал эми зарыл учурларда почта байланышы ишканаларынын эсебинен жүрүүчү жекече каражаттар менен камсыз кылынат.
V Бөлүм
Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын жана почта байланышы ишканаларынын почта байланышы кызматтары жөнүндө маалыматка болгон укуктары
23-берене. Почта байланышы кызматтары жөнүндө маалыматка пайдалануучулардын укуктары
Жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында почта байланышы кызматтарынан пайдаланууга тең укуктуу.
Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулар өздөрүнүн почта байланышы кызматтарынын көрсөтүлүшүнө болгон укуктары жөнүндө, кызматтарга болгон тарифтер менен баалар жана почта жөнөтмөлөрүнүн жете турган мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды почта байланышы ишканаларынын да, ошондой эле жарнама жана массалык маалымат каражаттары аркылуу да эркин алуу укугуна ээ.
Почта байланышы ишканалары практикалык ишинде почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын аларды тейлөөнү жакшыртууга багытталган сунуштарын эске алууга милдеттүү.
Кепилденген сапаттагы почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн алууга керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле бул укуктарды коргоону ишке ашыруу механизми Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Почта байланышы ишканаларынын почта кызматтарын жарнамалоого укуктары
Почта байланышы ишканалары өз иш-аракетин, жаңы кызматтарын, почта байланышы тармагындагы техникалык жана технологиялык алдыңкы жетишкендиктерин жарнамалоо максатында Кыргыз Республикасынын жарнама чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жарнамалык билдирүүлөрдү даярдоого жана аны массалык маалымат каражаттары, ошондой эле почта байланышы тармагы аркылуу таркатуу укугуна ээ.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VI Бөлүм
Почта байланышы каражаттарынан жана кызматтарынан пайдаланган почта байланышы ишканаларынын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчиликтери
25-берене. Почта байланышы ишканаларынын почта жөнөтмөлөрүнүн сакталышын камсыз кылуусу
Почта байланышы ишканалары кабыл алынган почта жөнөтмөлөрүнүн жана акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
Почта жөнөтмөлөрүн, акча каражаттарын иштетип жана сактай турган жайлар почта ченемдик актыларында белгиленген ченемдерге ылайык керектүү жабдуулар жана өрттөн сактоо-сигналдаштыруу каражаттары менен жабдылууга тийиш.
Почта жана акча каражаттарын ташыган транспорт каражаттары бөлөк адамдар кире албагандай болуп жабдылышы керек.
Почта байланышы ишканалары почта жөнөтмөлөрүнүн жана акча каражаттарынын, пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө каражаттарынын инкассациясынын сакталышын камсыз кылуу максатында почталык коопсуздук кызматын жана бөлүмүн, тийиштүү коргонуу каражаттарын кармоого укуктуу.
26-берене. Почта байланышы ишканаларынын почта жөнөтмөлөрүн жеткирүүнүн контролдук мөөнөтүн камсыз кылуусу
Мамлекеттик почта байланышы ишканалары республиканын аймагында почта жөнөтмөлөрүн почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы бекиткен белгилүү контролдук мөөнөттө кабыл алууну, иштетүүнү, жеткирүүнү жана тапшырууну камсыз кылууга милдеттүү.
Башка почта байланышы ишканалары почта жөнөтмөлөрүн иштетүүнү жана жеткирүүнү лицензиялык документтерде көрсөтүлгөн ички ченемдиктерге ылайык өздөрү белгилеген мөөнөттөрдө камсыз кылууга милдеттүү.
27-берене. Почта байланышы ишканаларынын жана анын кызматкерлеринин жоопкерчилиги
Почта байланышы ишканалары почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын алдында ички почта жөнөтмөлөрү үчүн төмөнкүдөй материалдык жоопкерчилик тартат:
– бааланган почта жөнөтмөсү жоголгон же зыянга учурагандыгы үчүн почта жөнөтмөсү бааланган баанын өлчөмүндө;
– ичине салынган буюмдар тизмеленип жөнөтүлгөн учурдагы бааланган почта жөнөтмөлөрүнүн бир бөлүгү жоголгон же зыянга учурагандыгы үчүн жөнөтүүчү тизмеде көрсөткөн салуунун жетпеген же зыянга учураган бөлүгүнүн баасынын өлчөмүндө;
– жоголгон заказдык почта жөнөтмөсү же кадимки посылка үчүн – почта байланышы тармагында колдонулган ченемдик укуктук документтерде каралган өлчөмдө;
– почта жөнөтмөсүнүн салуулары кемип калгандыгы, бузулгандыгы же зыянга учурагандыгы үчүн – Почта эрежелерине ылайык;
– эгерде которулган акча каражаттары алуучуга объективдүү себептер менен берилбей калган учурда жөнөтүүчүгө акча каражаттары кайра төлөнүп берилбегендиги же туура эмес төлөнгөндүгү үчүн – төлөнбөгөн же толук төлөнбөй калган котормонун суммасынын өлчөмүндө;
– алуучудан акы төлөнүп алынуучу жөнөтмөнүн суммасы толук алынбай калгандыгы же туура эмес төлөнгөндүгү үчүн – толук алынбай же туура эмес төлөнгөн акы төлөнүп алынуучу жөнөтмөнүн суммасынын өлчөмүндө;
– аманаттарды, баалуу каттар менен заказдык бандеролдорду жана башка почта жөнөтмөлөрүн, ошондой эле телеграфтык акча котормолорун жөнөтүү же жеткирүү белгиленген контролдук мөөнөттөн кечиктиргендиги үчүн – Почта эрежелерине ылайык;
– авиажөнөтмөлөрдү (бандеролдор, аманаттар) жөнөтүү же жеткирүү белгиленген мөөнөттөн кечиктиргендиги үчүн – аба жана жер транспорту боюнча жөнөтүүчүгө акыларынын айырмасынын өлчөмүндө жана, андан тышкары, жер транспорту боюнча жөнөтүүдө белгиленген контролдук мөөнөттөн ашкан ар бир сутка үчүн – Почта эрежелерине ылайык;
– ден соолук чыңдоо мекемелеринин жолдомолору, авиа, темир жол билеттери жана башка жол жүрүү билеттери салынган баалуу каттар жөнөтүү жана жеткирүү боюнча белгиленген контролдук мөөнөттөн кечиктирилгендиктин натыйжасында алардын пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн – келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок салуунун тизмесинде көрсөтүлгөн баанын өлчөмүнөн ашык эмес;
– эл аралык почта жөнөтмөлөрү, телеграф билдирүүлөрү жана акча которуулары үчүн – Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун макулдашууларына жана актыларына ылайык.
Байланыш ишканаларынын күнөөсү боюнча почта жөнөтмөлөрү жоголсо же алуучуга почта жана телеграфтык акча котормолору төлөнүп берилбесе, анда байланыш ишканалары жөнөтүүчүгө же алуучуга келтирилген чыгымдарды төлөп берүүдөн бөлөк почталык же башка төлөө акыларын кайтарып берет.
Көрсөтүлгөн учурларда тарткан зыянды төлөп бергенден бөлөк керектөөчүнүн пайдасына көрсөтүлгөн кызмат акысынын 25 пайыз өлчөмүндөгү айып почта байланыш ишканаларынан өндүрүлүп алынат.
Эгерде телеграфтык котормо алуучуга белгиленген контролдук мөөнөттөн кечиктирилип төлөнсө же толук төлөнбөсө, анда жөнөтүүчүгө же алуучуга толук төлөнбөй калган сумманын айырмасынан бөлөк акча котормосун телеграф менен жөнөткөндүн акысы гана кайтарылат.
Жоголгон, уурдалган почта жөнөтмөлөрү, алардагы салуулардын кем болуп, зыянга учурап же бузулуп калгандыгы, ошондой эле почта жөнөтмөлөрдүн өтүү мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн чыгымдарды жана акыларды кайтарып берүү арызды (даттанууну) караган байланыш ишканасы тарабынан жүргүзүлөт, бул ишкана андан кийин ведомстволук текшерүүнүн материалдарынын негизинде бузууларга жол берген тийиштүү ишканага доо коюп, тарткан чыгымдарын төлөп берүүсүн талап кылып счет жиберет.
Жоголгон почта жөнөтмөсүнүн акысы арыздануучуга төлөнүп берилгенден кийин ошол почта жөнөтмөсү табылган учурда ал алуучуга тапшырылып же жөнөтүүчүгө кайтарылып берилиши керек, бул учурда арыздануучудан (алуучудан же жөнөтүүчүдөн) жоголгон почта жөнөтмөсүнүн ордуна төлөнгөн акынын суммасы, почта жөнөтмөсүн жеткирүүнү кечиктиргенге төлөнгөн суммадан бөлөгү кайтарылып алынууга тийиш. Жоголгон почта жөнөтмөсүнүн ордуна төлөнүп берилген сумманы кайтарып берүүдөн арыздануучу баш тартса, почта жөнөтмөсү “таратылбагандардын” катарына өткөрүлүп берилет.
Почта байланышы ишканаларынын эл аралык почта жөнөтмөлөрүн жоготкондугу, майда пакеттердеги, баалуу каттар менен посылкалардагы салуулардын кем болуп жана бузулуп калгандыгы үчүн жоопкерчилиги Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун актыларынын жана башка мамлекеттердин почта администрациялары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде аныкталат.
Почта байланышы ишканалары төмөнкү учурларда жоопкерчилик тартпайт, эгерде:
– почта жөнөтмөсүнүн салууларынын кем болуп же бузулуп калышы, жоголушу форс-мажордук жагдайларга байланыштуу болсо;
– почта жөнөтмөсүнүн салуулары жөнөтүүчүнүн Почта эрежелеринин талаптарын бузгандыктан же жөнөтүлгөн буюмдун өзгөчө касиеттеринин натыйжасында кемип калса, жетпесе же бузулса;
– почта байланышы ишканасы жабык түрдө (жөнөтүүчүнүн пломбасы (мөөрү) коюлган) кабыл алган камсыздандырылган почта жөнөтмөсүн алуучуга берип жаткан учурда почта жөнөтмөсүнүн пломбасы (мөөрү) бүтүн болсо, ал эми почта жөнөтмөсүнүн массасы кабыл алууда көрсөтүлгөн массасына дал келсе;
– түз контейнерди берип жаткан учурда жөнөткөн ишкананын пломбасы (мөөрү) бүтүн болсо жана контейнердин өзүндө салуулардын сакталышына таасирин тийгизе турган бузулган жерлери болбосо;
– кээ бир почта салууларына болгон тыюулардын же чектөөлөрдүн негизинде почта жөнөтмөсү же анын салуусунун кандайдыр бир бөлүгү белгиленген тартипте алынса же жок кылынса.
Эл аралык почта жөнөтмөлөрүн Кыргыз Республикасынын бажы чек арасынан өтүү мезгилинде текшерүү үчүн алар почта байланышы ишканалары тарабынан эл аралык почта алмашуу жайларында текшерүү үчүн бажы органдарына көрсөтүлөт.
Эл аралык почта жөнөтмөлөрүн кароо бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары аныктаган учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.
Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын дареги, алар жөнүндө жана башка маалыматтар, почта жөнөтмөсү (билдирүүсү), акча котормосу жөнүндөгү маалыматтар, ошондой эле почта жөнөтмөсүнүн (билдирүүсүнүн), акча котормосунун мазмуну почта байланышынын жашырындуулугун түзөт, бирок прокурордун санкциясы болгондо укук коргоо органдары тарабынан талап кылынышы мүмкүн.
Почта байланышынын жашырын сырын түзүүчү акча каражаттарын которуулар жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органына террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
Почта байланышынын жашырындуулугун бузган кызмат адамдары жана башкалар, тартип бузууларга жол берген почта байланышы ишканаларынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдары белгилеген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
Почта байланышы кызматтарынын керектөөчүлөрү почта байланышы ишканалары тарабынан аларга келтирилген зыян үчүн төлөнгөн акынын өлчөмү менен макул болушпаса, анда келтирилген зыяндын өлчөмүн төлөп берүү, ошондой эле почта байланышы кызматтарынын керектөөчүлөрү менен почта байланышы операторлорунун ортосундагы башка талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте, ошонун ичинде “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Мыйзамынын жана ушул Мыйзамдын негизинде каралат.
(КР 26 июня 2009 года N 193, 6 августа 2018 года N 88, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
28-берене. Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын жана башка жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги
Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулар почта байланышы ишканаларынын алдында башка почта жөнөтмөлөрүнө же аларды иштетип жаткан кызматкерлерге, аталган пайдалануучулар тарабынан почта жөнөтмөлөрүнө тыюу салынган буюмдарды салуунун же жөнөтүлө турган салууларды туура эмес таңгактоонун натыйжасында зыян келтирилсе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканалары жөнөтүүчүлөрдүн же салуучулардын алдында аларга келтирилген зыяндын өлчөмүндө жоопкерчилик тартышат.
Ошондой эле:
– ишкана, мекеме, уюмдардын транспорт каражаттары менен почта ташылган учурда алардын күнөөсү боюнча почта жөнөтмөлөрү жолдо кечиктирилсе – почта байланышы ишканалары менен түзүлгөн макулдашууларда (келишимдерде) аныкталган өлчөмүндө; почта жөнөтмөлөрүндөгү салуулардын бир бөлүгү кемип калса же бузулса, же алар жоголсо – почта байланышы ишканалары жөнөтүүчүлөрдүн же алуучулардын алдында аларга келтирилген зыяндын өлчөмүндө;
– ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жарандар, эгерде алардын аракеттеринин натыйжасында почта жөнөтмөлөрү бузулса – алар почта байланышы ишканалары жөнөтүүчүлөрдүн же алуучулардын алдында келтирилген зыяндын өлчөмүндө жоопкерчилик тартышат.
Почта ящиктерин, абоненттик почта шкафтарын, таяныч пункттардын почта шкафтарын бузган, почта жөнөтмөлөрүн уурдаган, жок кылган же бузган адамдар, ошондой эле почта ишканаларынын каражаттарына, мүлкүнө жана башка жабдууларына зыян келтирген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик таратышат.
Жеке жана юридикалык жактар курулуш жана башка жумуштарды аткарууда почта байланышынын имараттары менен каражаттарына зыян келтирсе, келтирилген зыяндын өлчөмүндө жоопкерчилик тартышат; почта байланышы ишканаларынын өндүрүштүк иш-аракети токтоп калса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
29-берене. Почтанын мамлекеттик акы төлөө белгилерин жана энчилүү буюмдарын жасалма жасоо, пайдалануу же жасалма чыгаруу боюнча жоопкерчилик
Почтанын мамлекеттик акы төлөө белгилеринин жана энчилүү буюмдарынын жасалма түрүн сатуу максатында жасаган же саткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
30-берене. Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын укуктарын коргоо жана талаптар менен доолорду коюунун тартиби
Почта байланышы ишканасы өзүнүн почта байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча милдеттерин аткарбаса же так эмес аткарса почта кызматынан пайдалануучулар ички ченемдик документтерге ылайык почта байланышы ишканасына почта жөнөтмөсүн тапшырган күндөн баштап алты айлык мөөнөт ичинде келтирилген зыянды төлөп берүү талабы менен доо коюуга укуктуу.
Доолор жазуу түрүндө коюлат, белгиленген тартипте сөзсүз түрдө катталууга тийиш жана почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын почта байланышы тармагындагы мамлекеттик жөнгө салуу органы менен макулдашып, бекитилген тийиштүү ички ченемдик документтер менен жөнгө салынып туруучу мөөнөттүн ичинде каралат.
Доолор почта жөнөтмөсүн кабыл алган же болбосо почта жөнөтмөсү багытталган жердеги почта байланышы ишканаларына коюлушу мүмкүн.
Эл аралык почта жөнөтмөлөрүн издөө боюнча коюлган доолор Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун макулдашуулары менен актылары, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана республиканын почта администрациясынын келишимдери белгилеген тартипте жана мөөнөттө кабыл алынат жана каралат.
Мамлекеттик почта байланышы ишканаларына коюлган доолор, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын тапшыруусу боюнча алардын дарегине келип түшкөн мамлекеттик почта байланышы ишканаларынын иш-аракетине коюлган доолор да “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик департаменти тарабынан каралат.
VII Бөлүм
Почта байланышы кызматтарын көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү
31-берене. Почта байланышы ишканаларынын иш-аракеттериндеги тилдердин жана алфавиттердин колдонулушу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республиканын бүткүл аймагындагы почта байланышы ишканаларында кызматтык иш кагаздары кыргыз же орус тилдеринде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын чегинде жөнөтүлүүчү почта жөнөтмөлөрүндөгү жөнөтүүчүнүн жана алуучунун дареги кыргыз же орус тилдеринде толтурулууга тийиш.
Эл аралык почта жөнөтмөлөрүн иштетүү Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун актыларына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана почта администрацияларынын келишимдерине ылайык белгиленген тилде жүргүзүлөт.
32-берене. Эсепке алуу-отчеттук убакыт
Почта байланышы ишканаларында алар Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жерине карабастан кызмат көрсөтүү боюнча иш-аракетин жүзөгө ашырууда бирдиктүү эсепке алуу-отчеттук убакыт – Бишкек убактысы колдонулат.
Эл аралык почта байланышында эсепке алуу-отчеттук убакыт Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде аныкталат.
VIII Бөлүм
Почта байланышы тармагындагы эл аралык кызматташтык
33-берене. Эл аралык кызматташтык
Почта байланышы тармагында эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун ченемдерине жана сунуштарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Почта байланышы тармагында эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышкан Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык түзүшөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарынын ченемдери Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын катышуусу менен болгон почта байланышы жаатындагы иш-аракеттерге карама-каршы келген учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башка жагдайлар каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.
Почта байланышы тармагындагы эл аралык иш-аракеттерде Кыргыз Республикасынын почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын почта администрациясы катары чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктардын чегинде Кыргыз Республикасынын почта байланышы тармагында болгон таламдарын эл аралык уюмдарда башка өлкөлөрдүн почта администрациялары менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде билдирет жана коргойт.
Кыргыз Республикасынын почта байланышы боюнча эл аралык уюмдардын иш-аракеттерине катышкандыгы үчүн мүчөлүк акылар мамлекет тарабынан милдеттүү каржылоого алынат.
Кыргыз Республикасы өзүнүн бүткүл аймагында транзиттик эркиндикке кепилдик берет жана жазуу жүзүндөгү кат-кабарларды өз ара алмашуу үчүн бирдиктүү почта аймагына кирет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IX Бөлүм
Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн контроль жана жоопкерчилик
34-берене. Контроль жүргүзүүчү органдар
Ушул мыйзамдын жүзөгө ашырылышын жана аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы, Кыргыз Республикасынын почта байланышы тармагындагы мамлекеттик жөнгө салуу органы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана мыйзам актыларынын аткарылышына контролдук кылган мамлекеттик башка органдар тарабынан жүргүзүлөт.
35-берене. Почта байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана почта байланыш каражаттарын колдонууга жол бербөө
Почта байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү, ошондой эле почта байланышы чөйрөсүндө экстремисттик ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу алар келтирген зыяндын ордун толтуруудан аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошотпойт.
Почта байланышы каражаттарын мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген, коомдук тартипти бузган жана жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген, ошондой эле экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу, баңги каражаттарын, прекурсорлорду, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун таратуу максатында пайдаланууга тыюу салынат.
Айып пул салуу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Айып пул төлөө юридикалык жана жеке жактарды почта байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузууну токтотуу жөнүндө көрсөтмөнү аткаруудан бошотпойт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
36-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
– ушул Мыйзамдан улам келип чыккан мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизсин;
– мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки айдын ичинде мурда кабыл алган бардык ченемдик укук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
2001-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу
жыйыны тарабынан кабыл алынган