Бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радиожыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы радиожыштыктарды тандоо боюнча «Бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радиожыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү көрсөтөт.

Мамлекеттик кызматты алуу үчүн Кызматка Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү 119 (1-кабат) дареги боюнча кайрылса болот.

Керектүү документтер:

  • белгиленген форма боюнча толтурулган өтүнмө;
  • белгиленген тартипте толтурулган өтүнмө Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында тышкы иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүкторү тарабынан берилет.

Керектөөчү тарабынан берилген документтер топтому толук берилгендиги текшерилгенден кийин кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлат.

Келишимге кол коюлгандан кийин керектөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акысын толук төлөөгө тийиш.

Келишимдин формасы, өтүнмөлөрдүн бардык түрлөрү жана аларды толтуруу боюнча талаптар мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөн жерде, Кызматтын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылган.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунунун укуктук негиздери:

Кошумча суроолор боюнча 0312 54 41 01 номуруна же КР СӨМгө караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын  Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыздар болот.