2004-жылкы ID-карталарын алмаштыруу боюнча акциясынын аякташы

img

2024-жылдын 30-августунда 2004-жылкы AN сериясындагы ID-карталарын 2024-жылкы жаңы ID-карталарына алмаштыруу боюнча Улуттук өнөктүк акциясы аяктайт.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 100 миңге жакын арыз толтурулган, алардын ичинен 74 миңден ашуун паспорт ийгиликтүү даярдалган.

Өтүнмөлөрдү аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:
• Баткен облусу – 10 996
• Бишкек шаары — 19 177
• Ош шаары – 6 214
• Жалал-Абад облусу – 15 667
• Ысык-Көл облусу – 7 470
• Нарын облусу — 3 248
• Ош облусу — 16677
• Талас облусу — 4 099
• Чүй облусу-12 998

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунда Президент Садыр Жапаров тарабынан AN сериясындагы 2004-жылкы үлгүдөгү ID-карталарын 2024-жылкы жаңы үлгүдөгү ID-карталарга алмаштыруу боюнча Улуттук өнөктүк жарыяланган.

Өнөктүк 2024-жылдын 1-июлунан тартып 31-августуна чейин алмашуунун ар кандай жүйөөлөрүндө (жоготуу, бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү) жарандар үчүн ыктыярдуу жана акысыз негизде өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, 2004-жылкы AN сериядагы сары түстөгү ID-карталар гана алмаштырылды. 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карталарын алмаштыруунун кажети жок.