Айрым КТБларда жумуш убактысынын жаңы режимин белгилөө боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө

img

Кезектерди кыскартуу жана жарандарды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча күч-аракеттердин алкагында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги айрым Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) кызматкерлердин жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын жаңы режимин белгилөө боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү жөнүндө жарыялайт.

2024-жылдын  1-июлунан 31-августуна чейин төмөнкү Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери үчүн жаңы иш графиги колдонулат:

КТБ 1 (12мкр.2 (ч. Валиханов көч.) жана 4 (Жибек. жол пр.) Бишкек шаарынын, Ош облусунун Ноокат районунун жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын:

– Иштөө режими :саат 08:00дөн 18: 00гө чейин

– Түшкү тыныгуу эки бөлүккө бөлүнөт: биринчи бөлүк 40 мүнөт, экинчи бөлүк (20 мүнөт) жумуш убактысынын аягына чейин колдонулат.

КТБ-3 Бишкек шаары жана Ош шаары, Ош облусу:

– Иштөө режими: саат 08:00дөн 18: 00гө чейин

– Бирдиктүү түшкү тыныгуу: саат 12:00дөн 13: 00гө чейин.

Кызматкерлер 4 топко бөлүнүп, кезектешип түшкү тыныгууга чыгышат жана калган 20 мүнөттү саат 16:00дөн кийин колдонушат, бир эле учурда 3төн 5ке чейин кызматкер чыгат.

Пилоттук долбоор иш убактысын уюштурууну жакшыртууга багытталган, пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча жаңы графиктин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлөт.