Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн берилген арыздардын статусун онлайн көзөмөлдөө сервиси ишке кирди
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандык алуу үчүн берилген арыздардын статусун онлайн көзөмөлдөө боюнча жаңы сервис ишке киргизилгендигин маалымдайт. Эми арыз ээлери @aiscitizenshipbot Телеграм-бот аркылуу өз арызынын статусун текшерип, Калты тейлөө борборлоруна барбастан керектүү маалыматты ала алышат.
Сервисти колдонуу үчүн, КТБдан берилген маалымкаттагы арыз номериңизди Телеграм-ботко жазып, арызыңыздын учурдагы статусу тууралуу маалыматты ыкчам ала аласыз.
Бул сервис жарандардын мамлекеттик органдар менен иш алып баруусун жеңилдетип, КТБлардагы кезектердин санын азайтууга жана арыз берүүчүлөрдүн убактысын үнөмдөөгө багытталган. Белгилей кетсек ушул жылдын ичинде 14 миңге жакын чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде этникалык кыргыздар, Кыргыз Республикасынын жарандыгына арыз беришкен.
Жаңы кызматтын ишке кириши мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана тейлөөнүн сапатын жогорулатуу демилгелеринин бир бөлүгү болуп саналат.
Эске салсак, ушул жылдын октябрь айынан тарта Бишкек шаарында (Жумабек көч., 121, Бакыт Өргөөсүнүн имараты) жана Ош шаарында (Курманжан Датка көч., 211, Бакыт Өргөөсүнүн имараты) чет өлкөлүк жарандарга кызмат көрсөтүү борборлору ачылган. Бул борборлордо жарандык алуу, Мекен-карт, жашап турууга уруксат жана башка кызматтар боюнча арыздарды тапшыруу кызматтары жеткиликтүү.
Байланыш:
Telegram-чат: https://t.me/drndigital жана Call-борбор: 119