Радиожыштык боюнча жаңы система ишке кирди

img

КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тесттик режимде жаңы автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизди. “Лицензиялык-уруксат берүүчү реестр” маалыматтык системасынын долбоору (ЛУБР АМС) радиожыштык спектри жаатындагы көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын сапатын жакшыртууга багытталган.

“Лицензияга-уруксат берүүчү реестри” Автоматташтырылган маалыматтык системасы жыштык жана лицензия берүүдөгү процедураларынын ачык айкындуулугун камсыздап, мамлекеттик кызмат алууну кыйла жеңилдетет. Системаны киргизүү арыздарды иштеп чыгууну, радиожыштык спектрин колдонгондугу үчүн жыл сайын төлөнүүчү эсеп-кысапты, ар кварталдык отчетторду кабыл алууну жана бирдиктүү маалыматтык базаны түзүүнү тездетет.

Система Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы менен туташып, санариптик трансформациясынын негизги талаптарына жооп берет.

Тестирлөөнүн алкагында, 2024-жылдын 1-августунан баштап арыз берүүчүлөр llr.srs.kg/login шилтемеси менен онлайн-платформа аркылуу каттала алышат. Каттоо маалында уюмдун ОКПОсун, жеке идентификациялык номурун, уюмдун аталышын, байланыш номурларын жана жетекчи тууралуу маалыматты көрсөтүшү зарыл.

“Лицензияга-уруксат берүүчү реестри” Автоматташтырылган маалыматтык системасы лицензияга-уруксат берүү системасындагы санариптештирүүгө жасаган ишенимдүү кадам болуп саналып, жарандар үчүн да жана бизнес үчүн да натыйжалуулукту да ыңгайлуулукту да камсыздайт.