Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары К.Омельченко Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушту

img

2024-жылдын 19-21-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган мамлекеттик органдардын жетекчилери, анын ичинде КР санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко Чүй облусунун жашоочулары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Сапардын алкагында Токмок, Кант, Шопоков шаарлары, ошондой эле Аламүдүн, Кемин жана Москва райондору камтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө К. Омельченко жергиликтүү тургундардын паспорттук багыты жана калкты каттоо боюнча берилген көптөгөн суроолоруна жооп берди.

Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн мобилдик калкты тейлөө борборлору (КТБ) уюштурулуп, алар түздөн-түз жеринде кызмат көрсөтүштү. Ошондой эле квалификациялуу адистер калкты каттоо жана документтештирүү маселелери боюнча калк үчүн консультацияларды өткөрүштү.

Бул демилге мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана калк менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган, бул администрациялык процесстерди модернизациялоо жана оптималдаштыруу боюнча мамлекеттик программанын бир бөлүгү болуп саналат.