Санариптик өнүктүрүү министринин орун басарлары аймактардагы жашоочулар менен бир катар жолугушууларын өткөрдү

img

2024-жылдын 12-19 август күндөрү Замирбек Кожомуратов Жалал-Абад облусунда, ал эми Сергей Слесарев Ысык-Көл жана Чүй облустарында болгон. Бул сапарлардын алкагында алар тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, зарыл болгон колдоо көрсөтүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Буга чейин санариптик өнүктүрүү министринин орун басарлары ушундай эле эл менен болгон жолугушууларын Ош, Баткен, Талас жана Нарын облустарында өткөрүшкөн.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Министрлер Кабинети мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өлкөбүздүн ар кайсы аймактарындагы жашоочулар менен бир катар жолугушууларын өткөрүп келүүдө. Бул иш-чаралар мамлекеттик органдар менен калктын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, бийликтин ишинин ачыктыгын жана айкындыгын жогорулатууга, ошондой эле социалдык жана экономикалык маселелерди натыйжалуу чечүүгө багытталган.

Бул демилгеге Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жигердүү катышты. Санариптик өнүктүрүү министринин орун басарлары Замирбек Кожомуратов менен Сергей Слесарев аймактарга болгон иш-сапарларын жыйынтыктап келишти. Сапар учурунда алар жергиликтүү эл менен жолугушуп, Министрликтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелерди жергиликтүү тургундар менен талкуулашты.

Аталган иш-чаралардын алкагында Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын жана 18 министрлик менен ведомствонун өкүлдөрү катышууда. Социалдык жана экономикалык саясат маселелерине, мамлекеттик түзүмдөрдүн ишине, көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатына, ошондой эле укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгүнө көңүл бурулат.