Бир айдын ичинде 27 миңден ашык жаңы үлгүдөгү ID-карталар берилди

img

2024-жылдын 1-июлунан 1-августка чейин 51 368 анкета арызы кабыл алынып, алардын ичинен 27 840 паспорт берилди.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунда Санариптик өнүктүрүү министрлиги AN сериясындагы 2004-жылкы үлгүсүндөгү ID-картасын 2024-жылкы жаңы үлгүдөгү ID-картасына алмаштыруу боюнча улуттук кампания башталганын жарыялады.

Кампания жарандар үчүн каалаган алмаштыруу себептери менен (жоголгондугуна, бузулгандыгына же аты-жөнүн өзгөрткөндүгүнө байланыштуу) акысыз жана өз каалоосу менен документ алмаштырууга 31-августуна чейин мүмкүнчүлүк түзөт.

Жаңы ID-карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтып, алардын корголушун жана колдонуу ыңгайлуулугун жогорулатат. Карталарды алмаштыруу маалымат базасын актуалдаштырууга, шайлоо процесстерин оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга мүмкүндүк берет.

ЭСКЕ САЛАБЫЗ! Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды бул кызматты пайдаланууга чакырат, анткени сары паспортторду акысыз алмаштыруу акциясынын аягына бир ай гана калды. Документтериңизди коопсуз жана ыңгайлуу жаңы үлгүлөргө жаңыртууну өткөрүп жибербеңиздер.