Кыргыз Республикасында “Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу” механизми киргизилет
 
                                    				
									Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык техналогиялар министрлиги Улуттук банк менен биргеликте, жарандардын финансылык коопсуздугун камсыздоого багытталган жаңы механизм ишке киргизди. Ага ылайык, мындан ары “Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу” системасы иштеп баштайт.
Бул мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, 2025-жылдын 30-июлунда Президент Садыр Жапаров кол коюлган. Аталган мыйзам ушул жылдын 1-ноябрынан баштап күчүнө кирет.
“Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу” деген эмне?
“Өзүнө-өзү тыюу” — бул ар бир жарандын өз каалоосу менен жана акысыз түрдө өзүнүн атына насыя алууга мүмкүнчүлүктү алдын ала чектөө кызматы.
Механизмдин негизги максаттары
Алдамчылыктын алдын алуу жана керектөөчүлөрдү коргоо:
• башка бирөөнүн атына уурдалган же жасалма маалыматтар менен насыя алынуусуна бөгөт коюу,
• карыздык капканга түшүүдөн жана талаштуу кырдаалдардан сактоо.
Өз насыялык профилин көзөмөлдөө: каалаган убакта өз атына “санариптик кулпу” коюу мүмкүнчүлүгү.
Финансылык сактык: чечим кабыл алардан мурун ойлонууга шарт түзүү.
Тыюу салуу жана алуу тартиби
Жарандар өз алдынча жана акысыз түрдө тыюу салып же кайра аны алып салууну Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы (Tunduk мобилдик колдонмосу) аркылуу каалаган убакта, онлайн түрүндө аткара алышат.
Механизм кайсы жерде иштейт
Кыргызстанда учурда эки кредиттик бюро иштейт: «Ишеним» жана «СЭС» насыя бюросунан.
Ар бир жаран ушул эки бюродон бирөөсүндө гана тыюу койсо, коргоо автоматтык түрдө күчүнө кирет. Анткени бардык кредиторлор маалыматты эки бюродон тең текшеришет.
Тоңдуруу мөөнөтү
Тыюуну алып салуу дароо ишке ашпайт — 12 саат өткөндөн кийин гана иштейт. Бул убакыт ичинде жаран чечимин өзгөртүп, “тыюу” өтүнүчүн жокко чыгара алат. Мындай ыкма коопсуздукту жогорулатып, шашылыш чечимдерден сактайт.
Нарыя берүүчүлөрдүн милдеттери
Ар бир финансылык уюм насыя берүүдөн мурда жарандын атына активдүү тыюу бар-жогун текшерүүгө милдеттүү. Эгер тыюу коюлган болсо, насыя берүү жокко чыгарылат жана анын себеби жаранга түшүндүрүлөт.
Юридикалык кесепеттер
Эгерде насыя активдүү тыюу коюлган учурда берилсе, мындай келишим жараксыз деп эсептелет. Жаран мындай насыяны төлөөгө милдеттүү эмес, ал эми кредитор акчаны өндүрүп ала албайт. Мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик кредитордун өзүнө жүктөлөт.
Кыскача түшүндүрмө (Tunduk колдонмосу аркылуу)
1. Өзүнө-өзү тыюу коюу:
Tunduk’кө кирүү → “Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу” кызматын тандоо → “Өтүнмө жиберүү” → Кредиттик бюрону тандоо → Иш-аракетти тастыктоо. Коргоо дароо активдүү болот.
2. Тыюуну алып салуу:
Ошол эле кызматка кирүү → насыя бюросун тандоо → “Тыюуну алуу” баскычын басуу. Тыюу 12 сааттан кийин автоматтык түрдө алынып салынат.
3. Алып салууну жокко чыгаруу:
Өтүнмө берилгенден кийин 12 сааттын ичинде кызматка кайра кирип, “Өтүнмөнү жокко чыгаруу” баскычын басса болот — коргоо күчүндө калат.