Бардык КТБлар жана РАБдар 2024-жылдын 5-6-ноябрында штаттык тартипте иш алып барышат
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды 2024-жылдын ноябрь айынын башындагы Калкты тейлөө борборлору (КТБ) менен Региондор аралык бөлүмдөрдүн (РАБ) иштөө тартиби жөнүндө маалымдайт.
2024-жылдын 5-6-ноябрында бардык Калкты тейлөө борборлору менен Региондор аралык бөлүмдөрү саат 08:00ден 18:00го чейин саат 12:00дөн 13:00го чейинки түшкү тыныгуу менен жарандарды тейлешет (толук тартипте иштешет).
Муну менен бирге 2024-жылдын 7-8-ноябрында республикабызда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленерине байланыштуу дем алыш күндөрү деп жарыяланган (КТБлар менен РАБдар ал күндөрү иштешпейт).
Документтештирүү маселелери боюнча жарандар төмөнкү маалымат каналдары аркылуу кайрылышса болот:
Телеграм канал: https://t.me/drndigital
Колл-борбор: 119 (чалуу акысыз)
КР СӨМдүн сайты: www.digital.gov.kg
Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды жогорудагы маалыматты эске алуу менен КТБлар менен РАБдарга барууну алдын ала пландоого чакырат.