Оштогу Бакыт өргөөсүндө чет элдик жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөр пилоттук режимде жеткиликтүү

img

2024-жылдын 9-сентябрынан баштап Ош шаарынын Бакыт өргөөсүндө жаңы форматтагы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор башталды. Эми чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар бул жерден бир катар кызматтарды ала алышат:

– Чет өлкөлүк жарандарды каттоо;

– Жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөө;

– Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди кабыл алуу.

Долбоор 2024-жылдын 1-ноябрына чейин созулат жана Кыргызстандын түштүк борборунда жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Бул инновациялар керектүү документтерди тариздөө процессин кыйла жөнөкөйлөтүп, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатат.

Пилоттук долбоор ишке киргенге чейин Ош шаарынын Бакыт өргөөсүндө өлгөндөрдү каттоодон башка учурларда жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча кызматтар гана көрсөтүлгөн. Эми кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү менен чет өлкөлүк жарандар жеринде катталып, керектүү документтерди тариздей алышат.