Маанилүү жаңылык
Урматтуу «ЦОН-Паспорт-Кыргызстан» телеграмм-каналынын жазылуучулары!
Бул канал Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жарандар менен Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) жана Калкты каттоо департаментинин (ККД) кызматкерлеринин ортосундагы байланышты камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Калкты каттоо департаменти жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын базасында «Кызмат» Мамлекеттик мекемеси түзүлүп, эми КТБлардын иши «Кызмат» ММнин компетенциясына өткөрүлдү.
Ушуга байланыштуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги мындан ары бул чатта тапшырмаларды берүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ эмес.
Ошону менен бирге, биз сиздерге ишеним көрсөткөнүңүздөр жана өлкөбүздөгү санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
Түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенебиз жана баарыңыздарга ийгилик жана бакубатчылык каалайбыз!
Терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги