Талас облусунда мамлекеттик архивдердин жаңы имараттары ачылды
2024-жылдын 28-ноябрында Талас облусунда Талас шаардык мамлекеттик архивинин жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик архивинин жаңы имараттарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Имараттардын курулушу республикалык бюджеттен каржыланган капиталдык салымдар программасынын алкагында 2023-жылдын аягында башталган. Жаңы имараттар архивдик сактоо боюнча бардык заманбап талаптарга жооп берип, документтердин ишенимдүү сакталышын камсыздайт жана жарандардын маанилүү маалыматтарга жетүүсүн жеңилдетет.
Буга чейин Талас шаардык архиви тиешелүү жайлардын жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп келген. Ал эми Бакай-Ата архиви авариялык абалда болуп, документтерди сактоодо коркунуч жаратып келген. Жаңы имараттар бул көйгөйлөрдү чечип, аймакта архив ишинин өнүгүшүнө шарт түзөт.