ЦИПР–2025 алкагында Азамат Жамангулов “Роскосмос” Мамлекеттик корпорациясынын башкы директору менен жолугушту

img

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов ЦИПР–2025 эл аралык конференциясына катышуу үчүн Нижний Новгород шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Роскосмос” Мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Дмитрий Баканов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө спутниктүү байланыш тармагындагы кызматташуунун келечеги талкууланды. Министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин жаңы Жобосуна ылайык, ведомствого спутниктүү байланыш тармагын координациялоо боюнча кеңейтилген ыйгарым укуктар берилди.

“Буга чейин өлкөбүздө спутниктүү байланыш тармагын өзүнчө жөнгө салуучу механизм болгон эмес. Бул – биз үчүн жаңы багыт, ошондуктан биз Орусия Федерациясынын тажрыйбасын үйрөнүүгө жана “Роскосмос” менен туруктуу кесиптик диалог түзүүгө өзгөчө кызыкдарбыз”, — деп белгиледи Азамат Жамангулов.

Өз кезегинде, башкы директор Дмитрий Баканов, аэрокосмостук “Бюро 1440” компаниясы маалыматтарды кеңири тилкелүү берүү үчүн төмөн орбитадагы спутниктүү системаны түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканын жана технологиялык иштеп чыгуулары менен бөлүшүүгө, ошондой эле адистерди даярдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен “Роскосмос” Мамлекеттик корпорациясынын ортосунда кызматташтык боюнча меморандумду жакын арада даярдоо жана кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди.