Tunduk колдонмосу аркылуу мектепке онлайн каттоонун экинчи этабы

img

Tunduk мобилдик колдонмосунда баланы мектепке кабыл алуу боюнча экинчи этаптын алкагында онлайн арыз берүү кызматы жеткиликтүү болду. Экинчи этап 2-июндан 15-августка чейин жүргүзүлөт.

Кызматты 2018 жана 2019-жылдары туулган балдардын ата-энелери пайдалана алышат. Бул этапта бош орундар калган мектептердин арасынан тандоо мүмкүнчүлүгү берилет:
• 2019-жылы туулган балдар – 1-класска (же “Наристе” программасын бүткөн болсо 2-класска);
• 2018-жылы туулган балдар – 2-класска кабыл алынат.

Арыз берүү үчүн төмөнкүлөрдү аткарыңыз:
1. Tunduk мобилдик тиркемесине кириңиз.
2. “Кызматтар” бөлүмүнө өтүңүз.
3. “Билим берүү” категориясын тандаңыз.
4. Балдардын тизмесинен балаңызды тандаңыз.
5. Облус жана районду көрсөтүңүз.
6. Мектепти жана окуу тилин тандаңыз.
7. Арызды ырастаңыз.

Кененирээк маалымат үчүн 110 телефонуна чалыңыз.

Кызмат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин биргелешкен аракетинин натыйжасында ишке ашырылды.