Санариптик өнүктүрүү министрлигинде Санарип кодекс боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 2025-жылдын 21-февралында, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин талкуулоо боюнча жыйын өттү. Иш-чарага Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК), Байланыш операторлорунун ассоциациясынын, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Интернет саясатынын элдик демилгесинин (ИСЭД) өкүлдөрү катышышты.
Жыйын 2025-жылдын 18-февралында өткөн парламенттик угуунун уландысы болуп, анда Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин долбоору жана ага тиешелүү мыйзам долбоорлору сунушталды. Угуулардын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары, байланыш операторлору, ЭИК ж.б. тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен өзүнчө жыйын уюштуруу чечими кабыл алынды.
Талкуунун жүрүшүндө байланыш операторлору жөнгө салуунун негизги аспектилери боюнча өз позицияларын айтышты, ЭИК санариптик демилгелерди ишке ашыруу маселелери боюнча өз көз карашын белгилешти, ал эми Жогорку Кеңештин аппаратынын өкүлдөрү долбоорду жакшыртууга багытталган сунуштары менен бөлүшүштү. ИСЭД өз кезегинде учурдагы кырдаалга деталдуу талдоо жүргүзүп, эң маанилүү жоболор боюнча комментарий берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында бардык тараптардын сунуштарын эске алуу менен долбоордун үстүндө иштөөнү улантуу жана андан ары талкууга такталган вариантты даярдоо чечими кабыл алынды.