«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»

Бүгүн, 2025-жылдын 18-сентябрында, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде Мамлекеттик тил күнүнө карата жана 2024-жылдын 18-декабрындагы Президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: УҢГУЖОЛ» Жарлыгын ишке ашырууга арналган иш-чара өткөрүлдү.
Министрликтин кызматкерлери үчүн лекцияны Доктринанын иштеп чыгуучуларынын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор Кыяс Молдокасымов өткөрүп, Доктринанын негизги багыттары жана идеялары тууралуу айтып берди.
Мындан сырткары, филология илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти Гүлзада Станалиева мамлекеттик кызматкерлер үчүн жазуу маданияты жана оозеки сүйлөшүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча кеңештери менен бөлүштү.
«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Доктринасы жөн гана документ эмес, улутубуздун тилин, маданиятын жана биримдигин өнүктүрүүнүн руханий багытын көрсөтүп турган жол картасы.
Министрликтин кызматкерлери лекцияны кызыгуу менен угуп, кыргыз тилин күнүмдүк жашообуздун ажырагыс бөлүгү катары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.