Санариптик өнүктүрүү министрлигинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды санариптик форматта жеткиликтүү кылуу маселеси талкууланды
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин чечимине ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санариптик форматта жеткиликтүү кылуу боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Ага Саламаттык сактоо министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” Мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылуу боюнча негизги кадамдар аныкталды. Атап айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендиги тууралуу маалыматтарды электрондук саламаттык сактоо борборуна берүү жана Саламаттык сактоо министрлигинин системалары менен интеграциялоону иштеп чыгуу, ошондой эле Tunduk Мобилдик колдонмосунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар боюнча маалыматтарды өткөрүү үчүн кызматтарды түзүү боюнча маселе каралды.
Ошондой эле жыйындын алкагында жөлөкпул жана социалдык колдоо көрсөтүү кызматтарын иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүү талкууланды.
Жарандар үчүн мобилдик колдонмону пайдалануу боюнча видеоматериалдар даярдалып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга керектүү мамлекеттик кызматтарга жетүү жеңил жана жеткиликтүү болот. Бул кадамдар өлкө боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын олуттуу жакшыртат.