Кыргызстанда автозавод куруу боюнча долбоору ишке кирүүдө

img

“Кыргыз почтасы” ААК, “Нарын” эркин экономикалык аймагы жана “Кашкар” эркин экономикалык аймагынын кызматташуусу менен түзүлгөн “Эки өлкө, эки аймак” демилгесинин алкагында Нарын облусунда унаа чогултуучу завод ачылат.

Заводду ишке киргизүү алдында  “Джиабо” компаниясы, “Кыргыз почтасы” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  үч тараптуу меморандумга кол коюшту.

Заводду ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында “Джиабо” компаниясынын башкы директору Хуан Юнци баштаган кытайлык инвесторлор завод куруу үчүн жер тилкелерин карап жатышат.

Курулуш аяктагандан кийин, бензин, электр жана газ менен жүргөн унаалардын ар кандай түрлөрүн чыгаруу башталат. Жергиликтүү тургундар үчүн 100дөн 1000ге чейин жумуш орундары түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги өлкөдө өнөр жайды өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган демилгелерди колдойт.