Кыргызстанда мамлекеттик органдардын ишин баалоо үчүн «Пикир» системасы ишке кирди

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын ачык-айкын жана элге жакын иштешин камсыз кылуу максатында Кыргызстанда «Пикир» жаңы маалыматтык система ишке киргизилди.
Бул система жарандарга министрликтердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын ишин баалоого жана пикир калтырууга мүмкүндүк берген заманбап онлайн платформа.
«Пикир» системасы деген эмне?
«Пикир» — бул жарандар төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана ала турган бирдиктүү онлайн платформа:
• мамлекеттик же муниципалдык кызматтарга 1ден 5ке чейинки баа берүү (1 — «такыр канааттандырган жок», 5 — «мыкты»);
• кызматтын сапаты, кызматкерлердин мамилеси, тейлөө деңгээли тууралуу пикир жазуу;
• сын-пикирлерди, сунуштарды жана идеяларды калтыруу;
• мурда жазылган пикирге расмий жооп алуу мүмкүнчүлүгү.
Пикир калтыруу үчүн мамлекеттик же муниципалдык мекемелердин ичинде жайгашкан QR-кодду смартфон менен сканерлөө же Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу кирүү жетиштүү.
Система эмнеге керек?
Системанын негизги максаты — мамлекеттик органдардын ишин элге ачык, түшүнүктүү жана жарандардын муктаждыктарына шайкеш кылуу.
«Пикир» системасынын жардамы менен мамлекеттик органдар:
• жарандардын оозеки кайрылууларын ыкчам кабыл алып, талдай алышат;
• көйгөйлөрдү өз убагында аныктап, чара көрүшөт;
• көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатышат;
• сын-пикирлерге жана сунуштарга тез арада жооп кайтарышат;
• жүйөлүү кемчиликтерди жоюу үчүн конкреттүү кадамдарды көрүшөт.
Система кандай иштейт?
1. Колдонуучу системага катталат же кирет;
2. Баа бергиси келген мамлекеттик органды же кызматты тандайт;
3. 5 баллдык шкала менен баа коёт жана кааласа, пикир калтырат;
4. Пикир модерациядан өтөт — адептүүлүк жана тууралугу текшерилет;
5. Текшерүүдөн өткөндөн кийин пикир жарыяланат;
6. Мамлекеттик орган керектүү учурда расмий жооп берип, жаран менен байланышат.
Эскертүү: Эгер пикириңиз маалымат мүнөзүндө болсо же жөн гана ыраазычылык билдирсеңиз, ага жооп берилиши милдеттүү эмес.