Кыргызстанда 2004-жылдын үлгүсүндөгү ID-карталарды алмаштыруу боюнча улуттук кампания башталат

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча 2004-жылдын үлгүсүндөгү AN сериясындагы ID-картаны 2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-картага алмашуу боюнча улуттук кампаниянын башталгандыгын жарыялайт. Бул чип жок сары пластикалык түрдөгү паспорт болуп саналат. Бул эски документтер заманбап коопсуздук жана ыңгайлуулук талаптарына жооп бербейт.

Кампания жарандар үчүн 2024-жылдын 1-июлдан 31-август аралыгында өлкө аймагында жана чет өлкөлөрдөгү мекемелерде аты-жөнүн өзгөртүү, жоготуу, бузуу сыяктуу себептер менен ыктыярдуу жана акысыз негизде жүргүзүлөт.

2004-жылдын үлгүсүндөгү ID-карта жарандын жарандыгын күбөлөндүрөт жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын ырастайт, 2004-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде 4, 8 миллиондон ашык ID-карта 2004-жылдын үлгүсүндө берилген. Бүгүнкү күндө жарандарда 800 миңден ашык 2004-жылкы үлгүдөгү ID-карта бар, алардын 300 миңге жакыны мөөнөтсүз болуп саналат.

Эски ID-карталар биометрикалык маалыматтарды камтыбайт жана көбүнчө жеке идентификациялык номерлерде жана даректерде так эмес учурлар болот. Бул карталарды колдонууда жана шайлоочуларды бөлүштүрүүдө татаалдыктарды жаратат. Ошондой эле, көптөгөн жарандар документтерин жоготушкан же бузулган карталары бар.
Акция ID-карталарын эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы карталарга алмаштырууну көздөйт. Жаңы ID-карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт, бул алардын корголушун жана пайдалануунун ыңгайлуулугун жогорулатат. ID-картаны алмаштыруу базадагы маалыматтарды актуалдаштырууга, шайлоо жол-жоболорун оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетчү жагдай, 2004-жылдын үлгүсүндөгү AN сериясындагы ID-карталары гана алмаштырылууга тийиш, 2017-жылдын үлгүсүндөгү биометрикалык AD-карталары алмаштырууну талап кылбайт, анткени алар бардык эл аралык стандарттарга жооп берет жана жогорку деңгээлдеги коргоого ээ.