Кыргызстанда ар бир бала маанилүү: жаңы төрөлгөн балдарды 100% документтештирүү боюнча санариптик долбоор ишке кирди

img

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте жаңы төрөлгөн балдардын бардыгын 100% мамлекеттик каттоо маселесин чечкен санариптик долбоорду ишке ашырды.

Буга чейин Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдардын 7-10% ы (10 миңге жакын) жашоосунун биринчи жылында туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Бул мындай балдардын мамлекет үчүн “көрүнбөгөн” болуп калышына жана төрөт боюнча жөлөкпул, медициналык кызматтар, бала бакчага кирүү, анан мектепке баруу сыяктуу кепилденген мамлекеттик кызматтарды албашына алып келди.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын май айында кыска мөөнөттүн ичинде бир нече мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоо жүргүзүлдү. Натыйжада бул бардык жаңы төрөлгөн балдарды каттоо процессин натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана алардын толук документтештирилишин камсыздоого мүмкүндүк берди. Эми төрөт үйүнөн (Саламаттыкты сактоо министрлиги) маалымат дароо Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине түшөт. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде баланын ата-энеси туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер (Эмгек министрлиги) үй-бүлөгө барып, жаңы төрөлгөн балага документ алуу керектигин эскертип турат.

Үч мамлекеттик органдын биргелешкен долбоору жыйынтык алып келди: 2024-жылдын 25-майынан 22-июлуна чейин ата-энелери документтерди алуу үчүн кайрылбаган 876 баланын 398и туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан. Калган балдар боюнча социалдык кызматкерлер тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мында, социалдык кызматкерлер ата-энелердин Калкты тейлөө борборлоруна жетпегендигинин жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн албагандыгынын себептерин тактай башташканда, бул долбоордун алкагында дароо чечилүүчү коштоочу көйгөйлөр аныкталган:
* үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалда турушат (дароо каттоого алынат);
* үй-бүлөдө жана башка документсиз балдардын болушу (туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү берүү боюнча колдоо көрсөтүлөт);
* ата-энелердин өзүндө тиешелүү документтер – паспорт, нике күбөлүгү ж.б. жок (документ боюнча дароо жардам көрсөтүлөт).

Мындай ведомстволор аралык долбоор 3 министрликтен турган санариптик командалардын: Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (“Инфоком” МИ жана “Түндүк” ММ), Саламаттык сактоо министрлигинин (Электрондук саламаттыкты сактоо борбору) жана Эмгек министрлигинин жөнгө салынган ишинин аркасында мүмкүн болду.