Кочкор-Атада Аймактар аралык бөлүмдүн жаңы бөлүмү ачылды

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт, Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында Аймактар аралык бөлүмдүн жаңы бөлүмү ачылды. Жаңы бөлүмдүн ачылуусу биздин жарандарыбыздын мамлекеттик кызматтарга болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтет.

Жаңы бөлүмдө төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:
– калкты каттоо;
– паспорттоштуруу;
– жарандык абалдын актыларын каттоо;
– чет элдик жарандарды каттоо жана башка кызматтар тейленет.

Жаңы бөлүмдүн ачылуусу Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын көрсөткөн көмөгүнүн негизинде мүмкүн болду. Бул кадам жарандарга болгон кызмат көрсөтүүнү жакшыртуудагы мамлекеттик орган менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн айгиленет.

Эми Кочкор-Ата шаарынын тургундары жана коноктору керектелген мамлекеттик кызматтарды ыкчам жана ыңгайлуу ала алышат, бул ийгилик мамлекеттик түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун арттырат.

Биз калкка болгон кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча жигердүү аракетибизди мындан ары да улантабыз.