Бишкекте «Санариптик Кыргызстан 2025» киберокутуулары башталды

img

Үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарында «Санариптик Кыргызстан 2025» аттуу киберокутуу иш-чарасы старт алды. Иш-чараны КРнын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана Эл аралык электробайланыш биримдигинин КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык бөлүмү менен билгекликте уюштурду.

Иш-чаранын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары Азиз Пирмаматов катышты. Ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Фолькер Фробарт жана Эл аралык электробайланыш биримдигинин КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык бөлүмүнүн программалар координатору Фарид Нахли да келип, сөз сүйлөштү.

Эдил Байсалов: «Санариптик Кыргызстан 2025” киберокутуулары өлкөбүздүн киберкоркунучтарга туруктуулугун жогорулатууга багытталган практикалык кадам болуп саналат».

Азиз Пирмаматов: «Кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана бардык кызыкдар тараптардын биргелешкен аракети – Кыргызстандын санариптик суверенитетинин негизги кепилдиги».

Фолькер Фробарт: «ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси киберкоопсуздук тармагында ишенимди жана кызматташууну чыңдоого багытталган демилгелерди колдойт».

Фарид Нахли: «ЭЭББнин КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык бөлүмү кибер туруктуулукту жогорулатуу үчүн мыкты тажрыйбаларды жана эл аралык билимди бөлүшүүгө даяр».

«Санариптик Кыргызстан 2025» киберокутуулары – киберкоопсуздук боюнча тажрыйба алмашууга жана биргелешкен аракеттерди иштеп чыгууга арналган ири аянтча болмокчу.

Окуунун негизги максаты – кибертуруктуулукту чыңдоо, кадрдык потенциалды өркүндөтүү жана адистерди кибермейкиндиктеги инциденттерге жооп кайтарууга практикалык жактан даярдоо болуп саналат.

Иш-чаранын биринчи күнү конференция форматында өтүп, программаны ишке ашыруунун стратегиялык багыттары талкууланды. Анда кадрдык резервди туруктуу калыптандыруу, кибермейкиндиктеги кризистик кырдаалдарды биргелешип башкаруу механизмдери, ошондой эле санариптик өнүгүүнүн жана жеке маалыматтарды коргоонун улуттук жана глобалдык тенденциялары каралды.

Мындай ыкма заманбап чакырыктарга ылайыкташтырылган бирдиктүү стандарттарды жана киберкоопсуздукту жогорулатууга багытталган биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.

Кибер машыгуулардын экинчи жана үчүнчү күндөрү практикалык сабактар уланат. Биринчи күндүн жыйынтыгында бирдиктүү мамиле иштелип чыгып, тажрыйба алмашуу жана командаларды чыныгы иштерге даярдоо үчүн аянтча түзүлдү.
Бул дагы бир жолу киберкоопсуздук тармагындагы эл аралык кызматташуунун жогорку деңгээлин ырастайт.