Tunduk мобилдик колдонмосу аркылуу жарандык абалдын актыларынын күбөлүктөрүн кайрадан алуу үчүн онлайн-кызмат ишке киргизилди

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы онлайн-кызматты ишке киргизгендиги тууралуу маалымдайт. Жаңы кызмат аркылуу жарандар Tunduk мобилдик колдонмосу аркылуу жарандык абалдын актыларынын күбөлүгүн кайрадан алууга арыз бере алышат.

Кызмат төмөнкү негиздер боюнча кайрадан күбөлүк алуу үчүн кызмат көрсөтөт:
• туулгандыгы тууралуу;
• никени каттоо боюнча;
• никени бузуу боюнча;
• аты-жөнүн өзгөртүү;
• өлгөндүгү тууралуу.

Арызды кароо убактысы 1-7 жумушчу күндү түзөт.

Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө кайталанып берилүүчү күбөлүк төмөнкү учурларда берилбейт:
• ата-энелик укуктарынан ажыратылган же чектөө коюлган ата-энелер (баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу боюнча);
• никесин бузган жана никеси жараксыз деп табылган жарандарга (никени каттоо жөнүндө күбөлүгүн алуу боюнча).

Күбөлүктү жеткирүү баасы туруктуу жана 142 сомду түзөт.

Арызды кантип берүү керек?
1. “Тундүк” мобилдик колдонмого кириңиз.
2. Издөө тилкесине “Күбөлүктү кайра алуу” деп жазыңыз.
3. “Өтүнмөнү жиберүү” баскычын басыңыз.
4. Керектүү маалыматтарды киргизиңиз.
5. Жеткирүүнү тандаңыз (зарыл болсо).
6. Сүрөт идентификациясынан өтүңүз.
7. Булуттук электрондук кол тамганы колдонуп, арызга кол коюңуз.
8. Жооп алгандан кийин төлөм жүргүзүңүз.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү иштерин улантып, жарандар менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында заманбап санариптик чечимдерди киргизүүдө.