2004-жылкы AN сериясындагы ID-карталарды алмаштыруу боюнча улуттук өнөктүгү башталды

img

Бүгүн, 2024-жылдын 1-июлунан тартып, республика боюнча 2004-жылкы үлгүсүндөгү AN сериясындагы сары ID-карталарды жаңы 2024-жылкы үлгүсүндөгү ID-карталарга алмаштыруу боюнча улуттук өнөктүгү башталды. Өнөктүк 2024-жылдын 1-июлунан 31-август аралыгында каалаган жүйөлөр менен (жоголгондугу, бузулгандыгы, аты-жөнүн өзгөртүү сыяктуу) жарандар үчүн ыктыярдуу жана акысыз негизде жүргүзүлөт.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана калкты каттоо маселелери боюнча жооптуу жетекчилер борбор калаадагы калкты тейлөө борборлорун текшерип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын ишке ашырылышын көзөмөлдөштү.

Жаңы ID-карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт, бул алардын корголушун жана пайдалануунун ыңгайлуулугун жогорулатат. Карталарды алмашуу базадагы маалыматтарды актуалдаштырууга, шайлоо жол-жоболорун оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, 2004-жылкы AN сериясындагы сары түстөгү ID-карталар гана алмаштырылат. 2017-жылкы үлгүсүндөгү карталарды алмаштыруунун кереги жок.

Эски үлгүдөгү ID-карталарды алмаштыруу үчүн жумушчу күндүн биринчи жарымында  2000ден ашык адам кайрылышты.