КРнын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин кызматкерлери “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: УҢГУЖОЛ” концепциясы боюнча окуунун жыйынтыгын сунушташты

img

Бүгүн, 2025-жылдын 20-октябрында, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде КРнын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: Уңгужол” Жарлыгынын ишке ашыруунун алкагында иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада министрликтин кызматкерлери — чечимдердин аткарылышын жана инспекциялык иш-чараларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Нурбек Карагулов жана уюштуруу иштери секторунун башкы адиси Мактумкули Макешов — лекция жана презентация менен чыгышты. Алар концепциянын мазмуну, максаттары жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, Президенттин Жарлыгын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Белгилей кетсек, эки кызматкер тең КРнын Улуттук илимдер академиясынын базасында Президенттик администрация тарабынан уюштурулган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: Уңгужол” боюнча 24 академиялык сааттык адистештирилген квалификацияны жогорулатуу курсун ийгиликтүү аякташкан.

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: Уңгужол” — бул өлкөбүздүн келечеги үчүн маанилүү, кыргыз тилинин, маданиятынын жана улуттук биримдигинин өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн руханий багыт.