КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин кызматкерлери Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө катышты

img

2025-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин, ошондой эле анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган жалпы шаардык ишембиликке активдүү катышты.

Министрликтин борбордук аппаратынын, ошондой эле анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери: «Түндүк» мамлекеттик мекемеси, Байланыш тармагындагы жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Архив кызматы, «Кыргызтелеком» ААК жана «Кыргызпочта» ААКсы өлкөнүн борбор калаасынын көчөлөрүн жана аймактарын тартипке келтирип, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Тазалоо иштери Пригородное айылындагы Юбилейная жана Ю.Гагарин көчөлөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана К.Тыныстанов, К.Тыныстанов жана К.Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинде – Байтик баатыр көчөсүнө чейин жүргүзүлдү.

Министрликтин аймактык бөлүмдөрү да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта өз аймактарында ишембилик өткөрүштү.

Мындай иш-чараларга катышуу экологиялык абалды жакшыртууга кошкон салымы гана эмес, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.

Министрлик акцияга кошулган бардык кызматкерлерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.