Министр Нижний Новгород облусунун губернатору Глеб Никитин менен жолугушту

Нижний Новгород шаарында өтүп жаткан “Орусиянын санариптик өнөр жайы” (ЦИПР) конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов менен Орусия Федерациясынын Нижний Новгород облусунун губернатору Глеб Никитиндин иш жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө санариптик технологиялар жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгын кеңейтүүнүн негизги багыттары талкууланды. Тараптар мамлекеттик башкарууну санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы IT-чечимдерди түзүүгө жана мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүүгө өзгөчө басым жасашты.
Ошондой эле илим, билим берүү жаатындагы байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду. Нижний Новгород облусунун жогорку окуу жайларында кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү жана университеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Министр Азамат Жамангулов Кыргыз Республикасы орус аймактары менен практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Нижний Новгород облусунун Кырдаалдык борборунун иши көрсөтүлдү. Бул борбор Москва жана Санкт-Петербург шаарларынын Кырдаалдык борборлорунан кийинки алдыңкы үч регионалдык борбордун катарына кирет. Презентациянын жыйынтыгында бул багытта кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө жана конструктивдүү диалогду улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.