Бизнес-процесстерди санариптештирүү боюнча маморгандардын жетекчилеринин орун басарлары үчүн семинар болуп өттү

img

Бүгүн, 2024-жылдын 16-июлунда “Мамлекеттик сектордогу бизнес-процесстердин реинжиниринг концепциясы” темасында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарлары үчүн семинар болуп өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева ачып, өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө санариптик өнүктүрүү үчүн мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Н.Кутнаева мамлекеттик органдарды санариптештирүүгө системалуу мамиле кылуу жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бизнес-процесстерди өркүндөтүүнү күчөтүү чараларын көрүү зарылдыгын белгиледи.

Бул демилгенин максаты мамлекеттик органдардын жетекчилеринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарларынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташуу деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик сектордо бизнес-процесстердин реинжинирингин жүргүзүүдө командалык иштөө көндүмдөрүн жакшыртуу болуп саналат.

Семинар административдик процесстерди оптимизациялоонун жана санариптештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулаган негизги мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүн чогултту. Катышуучулар тажрыйба алмашышты жана башкаруу практикасына инновациялык технологияларды киргизүү боюнча бир катар практикалык демилгелерди сунушташты.

Семинардын уюштуруучулары бул иш-чара көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунда мындан аркы өзгөрүүлөр үчүн күчтүү импульс болоруна ишенимин билдиришти.

Иш-чара “Digital CASA – Кыргыз Республикасы” Долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.