Салиха жана Мухаммад ысымдары – 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында эң популярдуу болушту

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет, 2024-жылдын биринчи 6 айында жаңы төрөлгөн ымыркайлар арасында эң популярдуу ысымдар болуп эркек балдар арасында Мухаммад, кыздар арасында Салиха болду.

Эркек балдар арасында 10 эң популярдуу ысымдар:
Мухаммад – 3667
Умар – 2181
Али – 1659
Рамазан – 1428
Амир – 1370
Билал – 1190
Усман – 1096
Алихан – 1012
Нурислам – 930
Мухаммед – 849

Кыздар арасында 10 эң популярдуу ысымдар:
Салиха – 2043
Фатима – 1489
Айлин – 1451
Сафия – 1400
Амина – 1389
Алия – 1361
Раяна – 1273
Аиша – 1244
Хадича – 1181
Аруузат – 1102

Жалпысынан 2024-жылдын 6 айында Кыргызстанда 60 миңге жакын балдар төрөлсө, алардын арасынан 33 370 кыз, 35 359 эркек бала.

КР СӨМ эскертет, баланын төрөлүшүн каттоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук арыз берүүгө, ошондой эле үйгө жеткирүү менен, же калкты каттоо департаментинин каалаган калкты тейлөө борборуна же региондор аралык бөлүмдөргө кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар.

https://digital.gov.kg/ – Толук маалымат КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтында.