Кыргызстандын долбоору дүйнөдөгү эң мыкты 20 санариптик демилгелердин катарына кирди

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги дүйнөлүк деңгээлдеги ири жетишкендикке ээ болду. “Өкмөттүк акселераторлор” долбоорунун алкагында жаңы төрөлгөн балдарды каттоо үчүн маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иштелип чыккан долбоор эл аралык SDG Digital Game Changers сынагынын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 20 санариптик демилгелердин катарына кирди.

Бул долбоор КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан 2024-жылдын май айында башталып, Саламаттык сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан активдүү колдоого алынган. Анын максаты – жаңы төрөлгөн балдарды толук документтештирүү. Эми төрөлгөн тууралуу маалымат түздөн-түз төрөт үйлөрүнөн Санариптик өнүктүрүү министрлигине түшүп, эгерде 60 күн ичинде ата-энелер туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер кабардар болуп, каттоодо жардам беришет.

Долбоор ишке киргизилгенден бери өз убагында каттоого алынбаган 1200 баланын 600ү туулгандыгы тууралуу күбөлүк алды, калгандары боюнча иштер уланууда.

2024-жылдын августунда Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан SDG Digital Game Changers сынагына катышуу үчүн берилген арыз 1180 долбоордун арасынан тандалып алынды. Кыргызстан “Тынчтык” (Peace) категориясында Польша, Катар, Сауд Арабиясы жана Бразилия долбоорлорун артта калтырып, биринчи орунду ээледи (https://www.itu.int/initiatives/sdgdigital2024/award/peace/).

Сыйлык тапшыруу аземи 2024-жылдын 20-21-сентябрында Нью-Йоркто өтүүчү SDG Digital иш-чарасында өтөт.Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги дүйнөлүк деңгээлдеги ири жетишкендикке ээ болду. “Өкмөттүк акселераторлор” долбоорунун алкагында жаңы төрөлгөн балдарды каттоо үчүн маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иштелип чыккан долбоор эл аралык SDG Digital Game Changers сынагынын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 20 санариптик демилгелердин катарына кирди.

Бул долбоор КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан 2024-жылдын май айында башталып, Саламаттык сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан активдүү колдоого алынган. Анын максаты – жаңы төрөлгөн балдарды толук документтештирүү. Эми төрөлгөн тууралуу маалымат түздөн-түз төрөт үйлөрүнөн Санариптик өнүктүрүү министрлигине түшүп, эгерде 60 күн ичинде ата-энелер туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер кабардар болуп, каттоодо жардам беришет.

Долбоор ишке киргизилгенден бери өз убагында каттоого алынбаган 1200 баланын 600ү туулгандыгы тууралуу күбөлүк алды, калгандары боюнча иштер уланууда.

2024-жылдын августунда Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан SDG Digital Game Changers сынагына катышуу үчүн берилген арыз 1180 долбоордун арасынан тандалып алынды. Кыргызстан “Тынчтык” (Peace) категориясында Польша, Катар, Сауд Арабиясы жана Бразилия долбоорлорун артта калтырып, биринчи орунду ээледи (https://www.itu.int/initiatives/sdgdigital2024/award/peace/).

Сыйлык тапшыруу аземи 2024-жылдын 20-21-сентябрында Нью-Йоркто өтүүчү SDG Digital иш-чарасында өтөт.