Министрликтин 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат жыйыны болуп өттү
Бүгүн, 2024-жылдын 7-августунда “КАБАР” Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Анда санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, министрдин орун басарлары, Министрликке караштуу ведомстволук бөлүнүштөрдүн жетекчилери баяндама жасашты.
Министр Нурия Кутнаева өлкөбүздү санариптештирүү багытындагы жасалып жаткан алгылыктуу иштерге кеңири токтолду.
Электрондук документ жүргүзүү
“Инфодокс” Электрондук документ жүгүртүү системасына 3 миңден ашык уюм кошулган, колдонуучулардын саны 153 миң адамды түзөт, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча санариптештирилген документтердин жалпы саны 18 миллионду түзсө, электрондук документ жүргүзүү системасында 3 миллиондун тегерегинде документ катталган.
Булуттук электрондук колтамга
2024-жылдын I жарым жылдыгы боюнча оффлайн режиминде 727 миң, ал эми аралыктан 1 миллиондон ашык электрондук колтамгалар берилген, алардын ичинен онлайн режими менен 2023-жылдын сентябрынан тартып бир жарым миллион колтамгалар берилген.
Калкты тейлөө борборлор
Жалпысынан жаңы форматтагы 37 Калкты тейлөө борборлору иштеп жатат. 2024-жылы Балыкчы шаарында жана Ноокен районундагы Масы айылында жаңы Калкты тейлөө борборлору ишке берилди. Ал эми Кара-Балта, Каракол жана Талас шаарларында да жаңы Калкты тейлөө борборлорун ишке киргизүү пландалды.
Электрондук кезек системасы
Калкты тейлөө борборлорундагы узакка созулган кезектерди жоюу максатында Tunduk тиркемесин колдонуу менен электрондук кезек системасын киргиздик.
Жаңы система аркылуу Tunduk тиркемесинин колдонуучулары өздөрүнө ыңгайлуу болгон убакытта, республика боюнча каалаган Калкты тейлөө борборуна онлайн режиминде өздөрүнүн мобилдик телефондорун колдонуу менен кезекти алуусуна мүмкүндүк берет. Бул электрондук кезек системасы кезектерди жокко чыгарып, жарандардын убактысын үнөмдөйт.
2004-жылкы AN сериясындагы (сары түстөгү) эски паспортторду жаңы паспортторго алмаштыруу кампаниясы
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги AN сериясындагы эки миң төртүнчү жылкы үлгүсүндөгү ID-картасын эки миң жыйырма төртүнчү жылкы жаңы үлгүдөгү ID-картасына алмаштыруу боюнча улуттук кампаниясын баштаган.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи июлдан биринчи августуна чейин элүү бир миңден ашык жаран өздөрүнүн паспортторун жаңы үлгүдөгү паспортторго алмаштыруу үчүн арыздарын тапшырышты.
Улуттук кампания отуз биринчи августка чейин уланат, андыктан учурдан пайдаланып жарандарыбызды акысыз негизде эски, сары түстөгү паспортторун жаңы паспортторго алмаштырууга чакырам.
100% жаңы төрөлгөндөрдү санариптештирүү
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте жаңы төрөлгөн балдардын бардыгын жүз пайыз мамлекеттик каттоо маселесин чечкен санариптик долбоорду ишке ашырды.
“Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында эки миң жыйырма төртүнчү жылдын май айында кыска мөөнөттүн ичинде бир нече мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоо жүргүзүлдү. Натыйжада бул бардык жаңы төрөлгөн балдарды каттоо процессин натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана алардын толук документтештирилишин камсыздоого мүмкүндүк берди.
Эми төрөт үйүнөн (Саламаттыкты сактоо министрлиги) маалымат дароо Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине түшөт. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин алтымыш күндүн ичинде баланын ата-энеси туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер (Эмгек министрлиги) үй-бүлөгө барып, жаңы төрөлгөн балага документ алуу керектигин эскертип турат.
КР Санариптик кодекси
Кыргызстанда санариптештирүү жана электрондук өкмөт чөйрөсүндөгү мыйзамдарды айкалыштыруу жана системалаштыруу максатында учурда Кыргыз Республикасынын Санариптик Кодексинин долбоору иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди. Кодекстин долбоорунун негизги максаты жарандын санариптик чөйрөдөгү укугун жана эркиндигин коргоодо жана ишке ашырууда жагымдуу укуктук шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасын өнүктүрүү жана өлкөнүн инвестициялык потенциалын арттыруу болуп саналат.
Алдыдагы пландар тууралуу
Министрлик тарабынан санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер пландаштырылган, бул Маалыматтарды иштеп чыгуу борборун ачуу.
Ошондой эле “G-Cloud” мамлекеттик булут сактоочу жайын ишке киргизүү пландаштырылууда.
Буга чейин бардык мамлекеттик органдар маалыматтарды сактоо үчүн булуттук сактоочу серверди сатып алышчу. Эми бардык мамалыматтар маалыматтарды иштеп чыгуу мамлекеттик борборунун аянтчасында болот.
Санариптик документтердин санын көбөйтүү жана мамлекеттик кызматтардын басымдуу бөлүгүн санариптик форматка которуу.
Калкты тейлөө борборлорунун функцияларын айыл өкмөттөргө берүү, ал жакта операторлор иштешет жана бардык маалыматтык коопсуздукту эске алуу менен Калкты тейлөө борборунун айрым кызматтарын банктар тарабынан аутсорсинге которуу боюнча долбоорду ишке киргизебиз. Муну менен биз документтерди кабыл алуу пункттарын кеңейтебиз.
Калкты тейлөө борборлорундагы көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында “KPI” системасын киргиздик. Бул система аркылуу жарандар Калкты тейлөө борборунун кызматкерлеринин баалай алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Калкты тейлөө борборунун мыкты кызматкерлерине кошумча финансылык стимулдаштыруу каралган.
Системанын артыкчылыктарына персоналды эффективдүү башкаруу, ресурстарды үнөмдөө, тандоо убактысын кыскартуу, административдик чыгымдарды кыскартуу жана жалпысынан башкаруунун сапатын жогорулатуу кирет.
Калкты тейлөө борборлорунун ишин жеңилдетүү үчүн жакынкы мезгилде Tunduk мобилдик тиркемесине жарандар үчүн ыңгайлуу болгон жарандарды жашаган жери боюнча онлайн-каттоо жана паспорт алууга онлайн-билдирме калтыруу санариптик сервисин ишке киргизгени жатабыз.
Бул демилге Калкты тейлөө борборлорундагы узакка созулган кезектерди азайтып, мамлекеттик кызмат алуудагы жеңилдиктерди жаратат.