Депутат А. Д. Таштанбековдун маселелери боюнча КР СӨМдүн позициясы

img

2024-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат А.Д. Таштанбеков олуттуу жана комплекстүү мамилени талап кылган маселелерди көтөрдү. Санариптик өнүктүрүү министрлиги, министр Н.А. Кутнаеванын тапшырмасы менен, салык кызматы жана архив кызматы маселелери боюнча ыкчам иш алып баруу үчүн эки ведомстволор аралык жумушчу топ түздү. Топтордун курамына укук коргоо органдарынын, архив кызматынын, салык кызматынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле депутат А. Д. Таштанбеков өзү да кирет. Таштанбековго көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө ачык-айкындуулукту жана конструктивдүү мамилени камсыз кылуу үчүн бул топтордун ишине катышуу сунушталды.

Министрлик депутат А.Д. Таштанбеков менен конструктивдүү диалогду жактай тургандыгын белгилейт, бирок бардык суроо-талаптар мыйзам ченемдеринин жана колдонуудагы жол-жоболордун алкагында гана каралаарын белгилейт. Керектүү документтерди даярдоо, ошондой эле иштин ачыктыгын камсыздоо үчүн керектүү тапшырмалар берилди.

2024-жылы салык кызматынын маалымат базаларын “ЖААК” (ЗАГС) Автоматташтырылган маалыматтык тутум Санариптик өнүктүрүү министрлигинин тутуму менен интеграциялоо ийгиликтүү аяктады. Бул өлүм фактыларын жазууга жана маалыматты башка мамлекеттик органдарга өз убагында берүүгө мүмкүндүк берген маанилүү кадам, Бул Санариптик өнүктүрүү министрлигинин санариптик инфраструктураны жакшыртуу боюнча максаттуу ишин тастыктайт.

Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, Министрлик бардык материалдарды андан ары териштирүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө ниеттенүүдө. Мындай мамиле бардык маселелердин адилеттүү жана объективдүү каралышын камсыз кылат деп ишенебиз.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык кызыкдар тараптар менен жемиштүү иштешүүгө даяр, бирок катуу эскертет: бардык суроолор жана демилгелер Мыйзамга ылайык келиши керек. Биз кесипкөйлүк жана жоопкерчилик позицияларында калып, санариптик процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ишти улантабыз.