“Түндүк” тиркемесинен салык карызы тууралуу маалымкат алыңыздар!
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет, эми “Түндүк” мобилдик тиркемесинде мүлк салыгы (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) STI-19 жана салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча STI-20 карызынын жок же бар экендиги жөнүндө маалымкат алууга болот.
Министрлик муну менен бирге жарандардын ынгайлуулугу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын 2 жаңы маалымкаты интеграцияланды, бул маалымкаттарды онлайн режиминде алууга мүмкүн экендигин маалымдайт.
Жаңы кызмат көрсөтүүлөр жарандарга маалымкаттарды алуу үчүн мамлекеттик органга кайрылууга убакыт коротпоого мүмкүндүк берет.
Күбөлүк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан “Арыз – жооп” ыкмасы боюнча берилет.
Арызды кароо мөөнөтү 2 жумушчу күнгө чейин созулат.