“Кыргызтелеком” ААКтын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы финансылык-чарбалык ишинин оң жыйынтыктары

img

“Кыргызтелеком” ААК 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында өсүүнүн оң динамикасын жана өзүнүн финансылык-чарбалык ишинде негизги көрсөткүчтөрдүн жакшырышын көрсөтүүдө.

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча “Кыргызтелеком” ААКтын кирешеси 768 295 миң сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12% га көп жана пландык көрсөткүчтөрдөн 108% га жогору. Бул өсүшкө негизги салымдарды интернет жана IPTV кызматтары кошту, алар да 8% жана 53% га өстү.

Компания Кыргызстандагы телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда өз позициясын бекемдөөнү улантууда. 2024-жылдын биринчи жарымында ички зоналык байланыш каналдарын кеңейтүү боюнча иштер ийгиликтүү аяктады, бул өлкөнүн бардык региондорунун жашоочулары үчүн интернеттин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түздү.

Тармактар аралык туташтыруудан кирешелердин өсүшү өзгөчө белгиленет, ал 52 640 миң сомду түздү — 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22% га көп.

Туруктуу телефониядан түшкөн кирешенин 1% га төмөндөшүнө карабастан, операциялык ишти жалпы натыйжалары олуттуу жакшырууну көрсөттү. Операциялык чыгымдарды үнөмдөө 4% ды же 32 316 миң сомду түздү, бул кошумча чыгымдарды, эмгек акы фондун жана товардык-материалдык баалуулуктарды оптималдаштыруунун аркасында мүмкүн болду.

“Кыргызтелеком” ААКтын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында таза кирешеси 82 367 миң сомду түздү, бул пландык көрсөткүчтөрдөн кыйла жогору. Операциялык эмес иштерден түшкөн пайда дивиденддерди жана курстук айырмадан түшкөн кирешени кошкондо 113 295 миң сомго жетти.

Компания дебитордук карызды азайтуу боюнча активдүү иштерди улантууда, ал 2% га азайып, 58 441 миң сомду түздү. Ошондой эле кредитордук карыз 26% га кыйла кыскарып, 1 095 357 миң сомго жеткен.

Мамлекеттик мекемелер үчүн була-оптикалык байланыш линияларын курууга багытталган “Digital CASA-КР” долбоорун ишке ашыруунун алкагында 445 мекеме үчүн байланыш линияларын куруу иштери аяктады.

Азыркы учурда Каракол жана Ош шаарларындагы GPON жабдууларын монтаждоо жана ишке киргизүү улантылууда.

“Кыргызтелеком” ААК рыноктогу лидерликти колдоого жана өз кардарларынын керектөөлөрүн канааттандырууга умтулуп, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана активдүү өнүктүрүү стратегиясын улантат.