Жасалма интеллектиси боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин Форумуна 2 эле күн калды

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги эки күндөн кийин, 2024-жылдын 9-10-октябрында Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин Жасалма интеллект боюнча Форум өтө тургандыгын эске салат. Бул уникалдуу эки күндүк иш-чарага түрк тилдүү өлкөлөрүнүн, Борбор Азиянын жана дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин өкүлдөрү, алдыңкы серепчилер, ишкерлер, илимий ишмерлер жана IТ-адистери чогулат.

Форум төмөнкүлөргө маанилүү аянтча болот:
* Жасалма интеллект жаатындагы стратегияларды жана инновацияларды талкуулоо.
* Технология жана экономика чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөө.
* Мамлекеттик башкарууга, бизнеске жана социалдык демилгелерге Жасалма интеллекти киргизүү үчүн чечимдерди иштеп чыгуу.
* Жасалма интеллекти колдонуунун этикалык жана укуктук аспектилерин талкуулоо.
* IT – долбоорлорго жана стартаптарга инвестицияларды тартуу.

Форумдун ишине Түрк тилдүү Мамлекеттеринин Уюмунун өкүлдөрү катышышат: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, ошондой эле Мажарстан (Венгрия) байкоочу өлкө катары катышат.

Бул иш-чаранын алкагында стартаптар жана инновациялык долбоорлор сунушталат, ошондой эле түрк дүйнөсүндө Жасалма интеллекти өнүктүрүү маселелери боюнча ачык дискуссиялар белгиленди.