TUNDUK КОЛДОНМОСУ АРКЫЛУУ ЭМИ МЕКТЕПКЕ ОНЛАЙН-ЖАЗЫЛУУ ЖЕТКИЛИКТҮҮ

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте маанилүү жаңылык менен бөлүшүшөт – эми баланы Tunduk мобилдик колдонмосу аркылуу мектепке жаздырса болот.
Бул кызмат билдирме тапшыруу процессин кыйла жеңилдетет: ата-энелер өздөрүнүн эле телефону аркылуу баланы мектепке бир нече мүнөттүн ичинде каттап алышса болот.
МААНИЛҮҮ! Баланы мектепке кантип жаздырып алса болот?
Каттоо процесси эки этаптан болот:
1-этап – 2025-жылдын 2-июнуна чейин
Бул этапта жазылуу ата-энелер катталган дарегине бекитилген мектепте жүргүзүлөт. Билдирме тапшырыш үчүн эмне кылуу керек:
• Tunduk колдонмосун ачып, тизмеден баланы тандоо;
• Система көрсөткөн мектепти тандоо;
• Окуу тилин тандоо;
• Жеке маалыматтарды киргизүү (телефон номуру, электрондук почта);
• Мектепке жаздыруу баскычын басыңыз.
Маанилүү: сунушталган мектептер жакпаса, себебин билдирип, баш тартсаңыз болот. Бул учурда билдирме 2-этапка которулат.
2-этап – 2025-жылдын 2-июнунан 15-август аралыгында жүргүзүлөт.
Ата-энелер орундар калган мектепти тандап алышса болот. Ал үчүн эмне кылуу керек:
• Жаздыруу үчүн баланы тандоо;
• Облус, район же шаарды көрсөтүү;
• Тизмеде бар мектепти тандоо;
• Окуу тилин тандап, “Мектепке жаздыруу” баскычын басыңыз.
Кошумча маалымат үчүн кайсы жакка кайрылса болот?
Мектепке жаздыруу боюнча бардык суроолор менен КР Билим берүү жана илим министрлигине 110 номуру аркылуу кайрылса болот.