Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары – ТМЭБС) аркылуу республиканын аймагында калкты каттоо департаментинин региондор аралык каалаган бөлүмүндө же калкты тейлөө борборунда жүргөн жерине карабастан каттоону жүзөгө ашырып жаткандыгын билдирет.

Ошондой эле жарандардын ыңгайлуулугу үчүн “Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Онлайн каттоо” https://ereg.e-gov.kg/ сайты иштейт, бул жарандарга Региондор аралык бөлүмдөргө же Калкты тейлөө борборлруна барбоого жана каттоону алыстан жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күнгө чейин бул сайт аркылуу каттоого 30 000 арыз келип түшкөн (кайра каттоо жана узартууну эске алуу менен).

Кабыл алуучу тарап катары чыккан жана сайтта өзүнүн жеке кабинети бар КР жарандары, юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар (туруктуу жашап турууга же турак-жайга уруксаты бар) Онлайн каттоону жүргүзө алышат.

Сайтта онлайн каттоо же каттоону узартуу процедурасынан өтүүнү каалаган жеке жактар:

1) өздүгүн күбөлөндүргөн документтердин маалыматтарын, ошондой эле турак жайга же башка жайга менчик укугун ырастаган документтерди киргизүү аркылуу “чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Онлайн каттоо” сайтында авторизациялоо жол-жобосунан өз алдынча өтүшөт;

2) документтердин түп нускасынан сканерден өткөрүлгөн электрондук көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук арызды толтурат.

3) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берет жана электрондук арызды ырастайт.

Жеке кабинетти каттоо үчүн юридикалык жактар калкты каттоо департаментине кайрылышы керек же электрондук почта аркылуу электрондук кат жөнөтүшү керек jaran@drnags.srs.kg же электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу. Ошол эле учурда, бардык документтер түпнускадан JPEG форматында өзүнчө файлдар менен сканерлениши керек.

     Кошумча маалыматты 0999-38-00-25, 0312 38 00 98 телефондору боюнча, ошондой эле Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 381, 3-кабат, 304-кабинет дареги боюнча КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин миграция бөлүмүнөн алууга болот.