Жашаган жери боюнча каттоо эми Tunduk тиркемесинде!

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу жашаган жери боюнча онлайн-каттоо үчүн жаңы кызматты ишке киргизгенин маалымдайт.

Бул онлайн-кызмат жарандарга Калкты тейлөө борборлоруна же Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнө барбастан, өзүңүздү, балдарыңыздарды же башка жарандарды жашаган жери боюнча каттоого (прописка) мүмкүндүк берет.

Маанилүү учур: каттоо үчүн арызды турак жайдын ээси гана бере алат. Тиркемедеги тизмеде төмөнкү талаптарга жооп берген гана кыймылсыз мүлк көрсөтүлөт:
– бул турак-жайлар же батирлер,
– ээсинде толук менчик үлүшү бар болушу керек.

Каттоо үчүн негизги кадамдар

Арыз ээсинин каттоо процесси:
1. Каттоого ылайык турак жайды тизмеден тандаңыз.
2. Катталуучу жарандын ИЖНин киргизиңиз (эгерде өз балаңызды каттоо зарыл болсо, тизмеден тандаңыз).
3. Онлайн-идентификациядан өтүңүз.
4. Электрондук почта аркылуу келген кодду киргизип, булуттук электрондук кол тамганы колдонуп, арызга кол коюңуз.

Катталуучу жарандын каттоо процесси:
1. Келүү максатын тандаңыз.
2. Онлайн-идентификациядан өтүңүз.
3. Электрондук почта аркылуу келген кодду киргизип, булуттук электрондук кол тамганы колдонуп, арызга кол коюңуз.

Эгерде сизде кызматтын шарттарына жооп берген кыймылсыз мүлк жок болсо, анда колдонмо аркылуу каттоо мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болбойт, анткени система тандоо үчүн объекттерди көрсөтө албайт.

Жаңы кызмат кыймылсыз мүлккө ээ болгон жарандар үчүн жашаган жери боюнча каттоо процессин бир топ жеңилдетет жана арызды каалаган убакта алыстан тапшырууга мүмкүнчүлүк берет.

Кызмат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” Мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаменти жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” Мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылган.