Санариптик өнүктүрүү министринин жаңы орун басары өз милдетин аткарууга киришти

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесине ылайык, Жусумамбетова Рахат Жусумамбетовна Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” Мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары кызматын аркалаган. Бүгүн ал Министрликтин жамаатына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ибраимов Азат Эмилбекович тарабынан расмий тааныштырылды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесине ылайык, Омельченко Клим Сергеевич санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин тескемеси менен Жумалиев Жумамүдүн Болотбекович санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.